www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай АКШ менен Канаданын негизсиз чабуулдарына жана жалааларына чечкиндүү түрдө каршы чыгат. Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мао Нин 27-мартта Пекинде ведомстволук басма сөз жыйынында билдиргенин NazarNews маалыматтык агенттигине кытайлык CCTV plus агенттиги маалымдады.
Кытай дипломаты маалымат каражаттарынын АКШ президенти Жо Байден менен Канаданын премьер-министри Жастин Трюдонун Кытайды каралаган биргелешкен билдирүүсүнө комментарий берүү өтүнүчүнө жооп катары билдирди.
"Кытай тынчтык өнүгүү жолу менен баратат, ачыктыкты жана инклюзивдүүлүктү жактайт жана өз ара пайдалуу кызматташууга умтулат. Кытай ар дайым глобалдык тынчтыктын куруучусу жана эл аралык тартиптин сакчысы болуп келген, мындан ары да болуп кала берет. Глобалдык өнүгүүгө салым кошуп келет. АКШ жана Канада, тескерисинче, "кансыз согуштун" менталитетин карманып, блок саясатын илгерилетүү жана лагерлердин ортосундагы тирешүүнү тутандырып жатышат. Эл аралык коомчулук кайсы туура жана кайсы туура эмес экенин так ажырата алат. АКШ менен Канада өздөрүнүн жүрүм-турумун кайра карап чыгып, кетирилген каталарды оңдоп, өзүнүн күнөөлөрүн башкага оодарбаш керек”, - деди ал.
"Ошондой эле белгилей кетчү нерсе, кээ бир мамлекеттер эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн коргоо жөнүндө тынымсыз айтып келишет, бирок сөз Кытайдын эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө келери менен кош стандарттарга барып, эки жүздүүлүктөрүн ашкерелеп жатышат. Тайвань маселеси ички маселе. Бул Кытайдын иши жана Кытайдын эгемендигине, аймактык бүтүндүгүнө таасир этет. Америкалыктар менен канадалыктар үчүн бул жерде кийлигишүүсү туура эмес",-деп кошумчалады Мао Нин.
Булак: NazarNews.kg