www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жаныбек Абиров катышкан мушташ боюнча кармалган 2 шектүү үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, жабырлануучу шектүүлөргө карата жеке айыптардан баш тарткан.
12-мартта социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун мушташып жаткан видеосу тараган.
Жабырлануучу Октябрь РИИБине арыз менен кайрылган.
Жабырлануучу Улуттук госпиталга баш мээнин жабык жаракаты диагнозу менен ооруканага жаткырылган.
13-мартта Бишкектеги мушташка шектүү эки жаран (1988-жылы туулган П.Э. жана 1987-жылы туулган А.Д.) кармалган.
Бул факты тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда бул окуянын бардык катышуучулары аныкталып, иликтөө иштери уланууда.
Президент Жапаровго мушташуу жана Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров тарабынан жарандын сабалуу фактысы тууралуу маалымат берилген.
Башкы прокурор Жогорку Кеңешке Жаныбек Абировду айыпкер катары тартууга макулдук алуу жөнүндө сунуштама киргизген.
Жаныбек Абиров кечээ, 27-мартта депутаттык мандатын тапшырды.
Булак: NazarNews.kg