www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АЛБЕК ИБРАИМОВ КАЙДА?
Бишкек шаарынын тарыхында шаардыктар үчүн көп иштерди аткарган бирден бир жетекчи мэр Албек Ибраимовду акыры кызматтан шыпырып тынышты. Мэрди кызматтан алууну же албоону шаар кеңешинин депутаттары негизи шаар тургундары менен да жолугуп, бир ооз талкуулап коюшса болмок. Бирок ал эмгек өргүүсүнө чыгып кетери менен эле кезексиз жыйын чакырып туруп, ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алышты.
Бул негизи жаңы бийлик тарабынан күтүлгөн кадам болучу, анткени коррупция менен күрөшүү деген ураандын астында экс-перзидент А. Атамбаевдин командасын толугу менен саясий аренадан сүрүп таштоо максаты турганы азыр эми эч кимге жашыруун сыр деле болбой калды. Тилекке каршы, мыйзамды өзүлөрү одоно бузган, анүстүнө жогору жактын кабак-кашын карап турган шаар кеңешинин депутаттарынан башкача кадамды күтүүгө да болбос эле.
Баарынан да өкүнүчтүүсү, шаар кеңеште көпчүлүктү түзгөн КСДП фракциясынын кечээки 2016-жылдагы шайлоо кампаниясынын алдынан тизмеден А. Ибраимов өзү жеке тандаган депутаттары партиялашын минтип каратып туруп сатып кетишкени болду. Ушул кадамы менен КСДПнын Бишкек шаар кеңешиндеги фракциясынын депутаттары саясий сойкулуктун чыныгы үлгүсүн көрсөтүштү. Албек Ибраимов кайда деген собол коомчулуктун бүйрүн кызытып туру. Маалыматтарга караганда, анын өлкөдөн чыгып кеткендиги боюнча так, анык кабар жок. Өзүнүн акыркы жолу билдирүүсүнө караганда, тоо тарапта эс алып жүргөндүгү айтылат.
Ошондуктан азыркы учурда экс-мэрдин кайда экендиги тууралуу эч кандай так маалымат жок. Бирок айтаарыбыз, Албек Ибраимовдун качып кеткенине ишенүү кыйын, анткени ал суу жүрөктөрдүн катарына кошулбай турган жигит. Балким, күч түзүмдөрү менен кандайдыр бир келишими бардыр, же өмүрүнө кол салуу боюнча кимдир бирөөлөрдүн жеткирген билдирүүсү менен бекинүүгө аргасыз болгондур, айтор, бирдеме деп так айтууга болбойт. Учурда кызык жагдай түзүлүп турат. Шаар кожоюнсуз калса кризиске кабылат деп келишкен депутаттар шаарды эки жумадан ашуун убакытка өзүлөрү башчысыз калтырып отурушат. Анткени А. Ибраимов расмий түрдө эмгек өргүүсүндө жүрөт жана жумушка 9 –августта гана чыкмак.
Ал эми эмгек мыйзамында эс алууда жүргөн кызматкерди жумуштан бошотууга жол берилбейт. Демек, эки ооз сүйлөсө да “мыйзам эле, мыйзам” дешкени менен, мыйзамды өзүлөрү уруп ойнобогон шаардык кеңештин депутаттар 9-августка чейин анын ордуна кимдир бирөөнү апкелип отургуза албайт. Дегеле буларда азыр өз алдынчалуулук деген деле калбады окшойт, антпесе, шаар мэри качып кетип атты беле, шашпай жолугушуп, шаар тургундарынын да пикирин сурагандын ордуна, бир добуштан шайлай салып, Ак үйдөгү кожоюндардын тилегин батыраак орундатып бергенге жанталашышты окшойт.
Булак: "Азия ньюс"