www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкө боюнча 144 медицина кызматкерине бир жолку төлөнүүчү 200 миң сом өлчөмүндөгү компенсациялык төлөмдөр берилди. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди. Ошондой эле, пандемия учурунда каза болгон 21 медкызматкердин үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сомдон тапшырылды.

Өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны азайып калганы менен эпидемиологиялык кырдаал толук турукташа элек. Азыркы тапта өлкөнүн ооруканаларында 514 бейтап коронавирус жана өпкөнүн кагынышынан дарыланууда. Ал эми үй шартында 2 миң 165 адам дарыланып жатат.

Өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында 144 медкызматкерге бир жолку төлөнүүчү 200 миң сом өлчөмүндөгү компенсациялык төлөмдөр берилгени жана жыл сайын калк арасында катталуучу курч мүнөздө өтүүчү респиратордук вирустук жана сасык тумоо ооруларына каршы эмдөө жүргүзүлөрү айтылды. Учурда өлкөдө 900 миңден ашык адамды эмдөөдөн өткөрүү пландалууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости