www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пандемияда каза болгон 84 дарыгердин 28ине кенемте төлөндү

Кыргызстанда коронавирустан 84 медицина кызматкери көз жумган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

"Анын 41 учурунда арыз түшүп, 28и канааттандырылган. Министрлик каза тапкан медиктердин туугандарына 28 миллион сом төлөп берген", — деген Каратаев.

Ал белгилегендей, алгач кызматкерлердин туугандарына компенсация төлөп берүү үчүн 50 миллион сом бөлүнгөн. Андан кийин Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин уруксаты менен Саламаттык сактоо министрлиги 178 миллион сом боюнча буйрук даярдаган. Бүгүнкү күндө бул каражаттын эсебинен акча төлөнүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости