www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустун алгачкы толкуну маалында өкмөткө караштуу мекемелердин ишинде бир топ мүчүлүштүктөр болгонун атайын комиссия иликтеп чыкты. Бул тууралуу бүгүн 22-январдагы жыйында аталган комиссиянын мүчөлөрү маалымат беришти.

Комиссиянын курамына медициналык кызматкерлер, жарандык активисттер, көз карандысыз эксперттер, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү кирген.

COVID-19дун биринчи толкунунда мамлекеттик органдардын ишинде төмөндөгүдөй мүчүлүштүктөр болгон:

  • каза болгондордун саны боюнча айырмачылыктар бар;
  • коронавирус инфекциясынан дарылоо протоколунун өз учурунда кабыл алынбагандыгы. Тактап айтканда, маанилүү дары-дармектерди камтыган COVID-19 илдетин дарылоонун үчүнчү протоколу Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бир айдан ашуун мезгилден соң кабыл алынган;
  • коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүдө көчөлөрдү дезинфекциялоо практикасы эч кандай эффект берген эмес;
  • обсервациянын көбүндө шарт начар болгон. Анткени имараттар стационарларга ылайыкталган эмес. Медкызматкерлер арасында вирусту кызыл зонада эмес, обсервацияда жуктургандар көп болгон;
  • дарылоонун үчүнчү протоколу 2020-жылдын 15-майында киргизилип, ата мекендик фармацевтикалык компаниялар өлкөгө киргизүү үчүн жактырылган дары-дармектердин тизмесин 1-июлда гана ала алган. Натыйжада маанилүү дары-дармектер республикага кечигүү менен алып келинип, ал препараттардын тартыштыгына жана баанын өсүшүнө алып келген;
  • гуманитардык жардамды эсепке алуу жана бөлүштүрүү натыйжалуу болгон эмес. Мисалы, өлкөгө келген гуманитардык жардам менен ооруканаларга берилген жардамдар тууралуу маалыматтар ортосунда айырмачылык бар;
  • дарылоонун экинчи протоколуна ылайык, 2020-жылдын июнь айында сатып алынган дары-дармектер үчүнчү дарылоо протоколунун кабыл алынышына байланыштуу пайдаланылбай калган;
  • мамлекеттик органдар комиссияга “Семетей” госпиталын жана ооруканаларды кайра түзүүгө, ошондой эле профилин өзгөртүп түзүүгө кеткен чыгымдар тууралуу кеңири финансылык отчёт берген эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости