www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков саламаттыкты сактоо тутумундагы актуалдуу маселелер боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

«Коомчулукта саламаттыкты сактоо тутумунун иштөөсүнүн натыйжалуулугуна, ошондой эле, коронавирус инфекциясын жоюу жаатында кабыл алынып жаткан чараларга, вакциналарды сатып алуу жана аны өлкөгө жеткирүүгө тийиштүү көптөгөн суроолор жаралууда. Мындан тышкары, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары-дармек каражаттар департаментине суроолор бар. Күн сайын саламаттыкты сактоо тутумундагы чечимдерди даярдоодо иш-аракеттердин макулдашылбагандыгын байкоодобуз», - деди Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков.

Анын айтымында, көзкарандысыз жумушчу топ саламаттык сактоо тутумундагы бир катар көйгөйлөрдү ачыктады. 

«Биздин врачтар, волонтерлор дүйнөнүн бир дагы мамлекети COVID-19га даяр болбогондугуна карабастан, адамдардын өмүрүн сактап калууга болгон аракетин кылып жатты. Учурда медиктерди жазалоо, же жоопкерчиликти кимдир-бирөөгө оодаруу милдети турган жок. Биз саламаттык сактоо тутумун модернизациялоонун жана эпидемиялык абалга жооп кайтаруунун так планын иштеп чыгышыбыз керек.

Бул белгилүү убакытты алаары түшүнүктүү, бирок аны азыртадан баштообуз зарыл. Бүгүнкү күндө негизги милдет катары аталган маселелерди чечүүгө тыкыр кадамдарды иштеп чыгуу эсептелет. Көзкарандысыз комиссияны түзүүнүн максаты – 2020-жылдын июнь – июль айларындагы түзүлгөн кырдаалдын себебин объективдүү талдоого алуу, ошондой эле келечекте ушундай окуялардын алдын алуу максатында конкреттүү чараларды жана сунуштарды иштеп чыгуу», - деп белгиледи Премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Буга катар кеңешмеде саламаттыкты сактоо тутумун оптималдаштыруу маселеси көтөрүлдү.

«Бүгүнкү күндө биз көрүп тургандай, кабыл алынган кадамдар күтүлгөндөй ийгиликтүү болгон жок. Ошондуктан, оптималдаштыруу маселеси Өкмөттүн ишинде комплекстүү түрдө каралышы абдан маанилүү. Ал бир нече базалык принциптерден турушу керек, анын катарында саламаттыкты сактоо тутумундагы санариптештирүү, саламаттыкты сактоо тутумунун алгачкы звеносунун калк үчүн жеткиликтүүлүгү, ошондой эле жарандар үчүн персоналдык камсыздоонун толук кандуу эсеби жана дарылоого жеткиликтүүлүк маселеси бар», - деп белгиледи Артем Новиков.

«Саламаттыкты сактоо тутумундагы моралдык климатты калыбына келтирүү, ошондой эле, жарандарыбыз үчүн объективдүү маалыматты, анын ичинде COVID-19 каршы вакциналарды каттоо жана ташып келүү жаатындагы жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча обьективдүү маалыматты жеткирүү маанилүү. Мен ЖМК аркылуу тийиштүү ишти жүргүзүүнү өтүнөм, алсак, COVID-19 программасынын алкагында биздин 1,2 млн жараныбыз үчүн сегиз түрдүү вакцинаны тандоо мүмкүнчүлүгү сунушталууда», - деп кошумчалады Премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Премьер-министрдин м.а. бирдиктүү тутум аркылуу өлкөгө алынып келинүүчү дары-дармек каражаттарынын тизимин мындан ары санариптештирүү рынокту контрафакттык продукциядан коргоого мүмкүндүк берээрине басым жасады. Дары-дармек каражаттарын автоматтык каттоо жана кайрадан каттоо механизминин киргизилиши Дары-дармек каражаттар департаментиндеги коррупциялык схемаларды четтетүүгө мүмкүндүк берет. 

Кеңешменини жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине ведомствонун мындан аркы натыйжалуу иши, ошондой эле, иш-чаралардын тийиштүү планын кыска мөөнөттө киргизүүсү боюнча тийиштүү тапшырмалар берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости