www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келген дары-дармектер кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат кызматы кабарлады. 

Маалыматка ылайык, “Манас” бажысынын кызматкерлери тарабынан 2021-жылдын 21-январында эл аралык “Манас” аэропортундагы “КММ” ЖАКнын убактылуу сактоо кампасында Г.Э. ЖЧКнын дарегине үчүнчү өлкөдөн келген жалпы салмагы 30,2 кг болгон декларацияланбаган ар кандай дары-дармектердин түрлөрү, медициналык буюмдар жана 27 пачка кальян тамекиси табылган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости