www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Республикалык штаб коронавирустун өлкө аймагына жайылып кетерин эске албай, чектөө жолдору менен гана алектенип туруп алган. Бул тууралуу пандемиянын кесепеттерин иликтеген ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын мүчөсү Айдай Турсунбекова билдирди.

Анын айтымында, Республикалык штабын эң биринчи катасы — бар күчүн коронавирустун жайылышын чектөөгө гана жумшап туруп алганы. Бул массалык дизинфекция, блокпостторду коюу, мектеп, ресторандарды жабуу сыяктуу чаралар. Ал эми оору өлкөгө жайылып кетери туурасында сценарий такыр каралган эмес.

«Башка өлкөлөрдө вирус жайылгандан кийин, ооруканалардын жүгүн жеңилдетүү максатында карантин киргизилип, аны менен бирге саламаттык сактоо системасын чыңдаган. Тилекке каршы, бизде дүйнөнү каптаган оору өлкөгө келбечүдөй мамиле кылып, жазда бир гана сценарий менен иштешкен. Мунун натыйжасында жайындагы апааттын кесепетин азайтууда убакытты уттуруп койдук. Штаб 30-мартта Саламаттык сактоо министрлигине жасалма дем алдыруучу аппараттардын санын тактоо тапшырмасын берген. Бирок ал аткарылбай, ушул эле тапшырма 13-майда кайрадан берилип жатат. Ушундан эле пандемияга масштабдуу түрдө кандай даярдык көрүшкөнүн байкаса болот», — деди Турсунбекова.

Ошондой эле, ал карантин киргизилгенде лаборатория, ооруканалар даярдалбаганын, жадагалса борборлоштурулган кычкылтек концентраторлору коюлбаганын кошумчалады. Медициналык кадрлар даярдалбай, керектүү жабдуулар алынбаганын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости