www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө пандемия маалында медицина кызматкерлери блокпосттордо иштөөгө тартылган. Бирок бул ыкма натыйжалуу болгон эмес дейт пандемиянын кесепеттерин иликтөө комиссиясынын мүчөсү Самат Асаналиев. Бул тууралу ал бүгүн, 22-январда өтүп жаткан комиссиянын жыйынында айтты.

--"Дарыгерлердин көбү блокпосттордо иштөөгө тартылган. Бирок натыйжасы аз болгон. Блокспосттордо иштеген дарыгерлердин ишин күч органдарынын кызматкерлери, ыктыярчылар жана башка жарандар деле жасамак.

Мындан тышкары оору аныкталбаган жарандар жаткан обсервацияларга да дарыгерлерди ишке тартуу жакшы натыйжа берген эмес. Обсервацияларда жаткандардын дене табын, сатурациясын ыктыярчылар же болбосо ошол эле жайда жаткандар бири-бириникин текшере алмак", - деди.

Самат Асаналиев Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенттеринин салымы тууралуу эч жерде айтылбай жатканын айтып, обсерваторияда иштеп жүргөндө каза болгон Адинай Мырзабекованы эскерди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости