www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Панфилов районунун ички иштер органдарынын кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте район аймагында жугуштуу илдеттин жайылышын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу  Чүй облусунун ИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Өзгөчө кырдаал режими учурунда Панфилов районунун аймагында милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ыктыярдуу элдик кошуундар менен биргеликте көчөлөрдү кыдырышып, коомдук жайларда, соода түйүндөрдө жарандар менен жолугушуп, ооруудан сактануу чараларын эскертишип, соода түйүндөрдө тазалыкты сактап, дизинфекциялоо жумуштарын жүргүзүп турууга чакырышты.

Себепсиз көчөгө чыкпай, үйдө болуп тазалыкты сактаганыбыз, өзгөчө кырдаал режимин бузбаганыбыз жугуштуу илдетти алдын алууга кошкон ар бирибиздин салымыбыз экендигин жергиликтүү тургундарга жеткирилүүдө.

Панфилов районунун ИИОнун кызматкерлери үчүн дарыгерлер тарабынан илдетти алдын алууга багытталган түшүндүрүү иштери уюштурулуп, ИИОнун имараттарында дизинфекциялоо жумуштары тынымсыз улантылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости