www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 30-январь күнү Панфилов РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматына караштуу балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери Кайыңды жана Чалдывар айыл аймактарында жайгашкан бир катар мектептерде жогорку класстын окуучулары менен жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук жана укук бузуулардын кесепеттери, мектеп рэкетчилиги, зордук-зомбулук, ошондой эле эрте никеге туруунун терс таасирлери тууралуу кеңири маалымат берилди. Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жашы жете электердин укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Андан соң кызматкерлер менен окуучулардын ортосунда суроо-жооп уюштурулуп, окуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго жеткиликтүү жоопторду алышты.
Мындай жолугушуулар жаш өспүрүмдөр арасында терс көрүнүштөрдүн алдын алууга жана коомдук тартипти сактоого багытталган.