www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 30-январында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) вице-президенти Йошикава Йошифуми мырза менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосундагы көп жылдык жана натыйжалуу кызматташтыкты белгилешип, ар кыл багыттар боюнча биргелешкен демилгелердин ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын баса белгилешти.

Экономика жана коммерция министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу экономикалык өсүштү жана өлкөнүн ар тараптуу өнүгүшүн камсыздоого багытталган максаттары тууралуу маалымат берип, 2030-жылга чейинки Кыргыз Республикасынын Улуттук өнүгүү стратегиясына ылайык өнүгүүнүн негизги артыкчылыктарын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар «Бир айыл — бир продукт» долбоорун жана JDS программасын мындан ары өркүндөтүүгө, ошондой эле кызматташтыктын башка багыттарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен ишти улантууга ниетин билдиришти.