www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пара алууга шектелген УКМКнын мурдагы кызматкери №1 тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Бишкектин шаардык соту билдирди.

Маалыматка караганда, атайын кызматтын өкүлү пара талап кылууга шектелип, 4-сентябрда Финансы полициясы жана УКМКнын өздүк коопсуздук кызматы тарабынан кармалган. Даттануучунун айтымында, УКМКнын мурдагы кызматкери анын уулу үчүн ЗАГСта аталыкты аныктоо маселесин оң жагына чечкендиги үчүн арыздануучудан 3000 доллар пара талап кылган. Кийинчерээк УКМК кызматтык иликтөөдөн соң шектүү кызматтан бошотулганын билдирген.

Ошондой эле жумушунан четтетилген кызматкер, мындан сырткары, алдамчылыкка шектелип жатканы айталат. Ал Финансы полициясынын кызматкери деп өзүн тааныштырып келген. Бул иш боюнча Коопсуздук кеңеши бардык маалыматтарды ачыктаган.

Билдирүүгө ылайык, Бишкек шаарынын прокуратурасы 6-сентябрда Биринчи май райондук сотуна кайрылып, шектүүнү эки айга камакка алууну өтүнгөн. Ага карабастан тергөө судьясы прокуратуранын өтүнүчүн четке кагып, кармалган УКМК кызматкерин үй камагына чыгарган.

Соттук коллегиянын 22-сентябрда чыгарган аныктамасына ылайык, соттун буга чейинки токтому жокко чыгарылып, прокуратуранын камакка алуу өтүнүчүнүн негизинде шектүү эки айга камакка алынды.

Чечим арызданууга жатпайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости