www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы АКШнын мурдагы элчиси Стивен Янг өз баяндамасын “Кыргыз эли Алмазбек Атамбаев кандай адам экендигин элестете да албайт”,-деген сап менен баштаган. Дипломаттын жакында жарыяланган жазмасында өлкөнүн экс-перзидентинин күнүмдүк иш аракеттери жана зыяндуу адаттары тууралуу таң калычтуу сүрөттөөнү көрүүгө болот.

Бул тууралуу маалыматты ВЕРСИЯ маалымат агенттиги  жазып чыккан. 

“Атамбаевдин шкафтагы скелети боюнча Стивен Янг алкоголдук ичимдиктерди ичип жүргөндүгүн жарыкка чыгарган. Элчинин айтымына караганда, Атамбаев “орус перзиденти Ельцин сыяктуу” ичет, б. а. жумуш ордунда да уялбастан ичет. Президент үчүн спирттик ичимдиктерди ичип алып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, ал тургай чет элдик дипломаттардын алдында мас болуп көрүнүү Атамбаев үчүн кадимки көрүнүш болгон.

Бул сөздөрдү Атамбаевдин СДПК партиясындагы тарапташы Александр Чернявскийдин сөзү да тастыктайт. Ал дагы Атамбаевдин спирттик ичимдиктерди ичип алып, элдин алдына чыккандыгы жөнүндө айткан. Мындай окуя Акман айылында болуп, анда ал элди өзүнө үгүттөө үчүн келген, бирок мас болгондуктан эки сөздүн башын кошуп сүйлөй албай күлкүгө калган.

Бирок бул болгону айсбергдин башы гана. Янг белгилегендей Атамбаевдин психика боюнча көйгөйлөрү да бар. Экс-перзидентке аны өлтүрүп кетишет деген ой келгенде параноидалык ойлордон (ред.: бир ойду өзү ойлоп таап, мээсине сиңирип алышы), туталануудан жана маанайы бат алмашуудан жабыркап келет. Аталган оорулардан дарылануу үчүн Атамбаевди Түркияга да жиберишкен. Ушул жерден кайра эле Александр Черняевдин “Атамбаев бат-баттан “түрк госпиталына” барып тургандыгы жөнүндө эскерүүсү эске түшөт. Бирок, анын айтымында, Түркияга дарыланууга барымыш болуп, көңүлдөшү Юлия Руцкая менен убакыт өткөрүп келген.

Учурда Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн тергөө иштери жүрүп жатат. Эгер анын СИЗОдон чыгууга мүмкүнчүлүгү бар болсо дагы, мындай ачык маалыматтардан кийин репутациясын калыбына келтирүүгө шарты жок”,-деп жазып чыккан Стивен Янгдын сөзүн аталган басылма.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости