www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парфюм тандоодо эмнелерге көңүл буруу керек?

Айымдар эле эмес мырзалардын дагы өзүн жакшы сезип, айланадагыларга өзгөчө көрүнүп, башкача таасир калтыруу менен кирген чөйрөсүндө дароо көзгө илинүү үчүн колдонгон эң маанилүү аксессуарларынын бири – атыр экени талашсыз. Адамдын түсүнө, кийген кийимине шайкеш келип, өзү жүргөн чөйрөдө анын бар экендигин баса белгилеп көрсөтүүчү парфюм, бир канча эшикке жол ачкан ачкыч сыяктуу. Сиз дагы дал ушундай ачкычка ээ болгуңуз келеби? Анда төмөнкү кеңештерге көңүл буруңуз

Жашоо образыңыз кандай?

Ким кандай дебесин, атыр тандоодо маанилүү болгон адамдын жашоо образы жана көз карашы. Ар кимдин табити ар башка болгондуктан, адам башкалардын эмес өзүнүн стилине ылайык тандоо жүргүзүүсү зарыл. Күнүмдүк жашоо образыңызды жана ким экениңизди өзүңүз гана билгендей, жытыңызды дагы бир гана сиз билесиз. 

Денеңиздин түсү маанилүү

Сиз ала турган жыпар жыт, түсүңүзгө шайкеш келиши керек. Ал үчүн атайын адиске кайрылып, курамы жана жыты боюнча сиздин өңүңүзгө туура келчүсүн тандаңыз.  

Атырды сепкен соң, бир аз күтүңүз

Соода кылып жаткан көп адам тез кыймылдоо менен убакытты жеңүүгө шашат. Мындай аракетти атыр тандоодо колдонуу туура эмес. Иштин көзүн билгендер 3-4 даанасын сынап көрүп, эң аз 2 мүнөт күтө турууну сунушташат. Атырдын тери жана кийимде канча убакытка сакталаарын байкап, идиштин ичиндеги жыт менен айырмасын билүүгө бираз убакыт бөлгөндүн эч кандай зыяны жок. 

Бул атырды кайда колдоносуз?

Бир күн ичинде бири-биринен айырмаланган иш, окуу, оюн-зоок, саякат ж.б.у.с. түрдүү чөйрөдө болобуз. Алардын бардыгына бир эле жытты колдонуу дагы туура эмес. Мисалы, жумушка сепчү атырыңыз жеңил болушу керек, ал эми кечинде бир жакка баратсаңыз дагы күчтүүрөгүн колдонгонуңуз туура. Ошол себептүү, бардык деталдарды карап чыгуу менен кылдат тандоого аракет кылыңыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости