www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ күнү, WhatsApp мессенджеринде жана башка социалдык тармактарда   түнкү маалда учактар менен белгисиз дары-дармектерди себип,   андан балдар ооруй тургандыгы  жөнүндө чындыкка дал келбеген жалган маалыматтарды камтыган аудиожазуу тарап баштаган. Бул багытта ИИМ тиешелүү ыкчам-иш-аракеттерди жүргүзүүдө.

ИИМ эскертет, кылмыш жасалгандыгы жөнүндөгү жалган маалымат тараткандар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 344-беренесине  (Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган маалымат таратуу)  ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Бул тууралуу  ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган маалыматтарды таратпоого чакырат. Ушундай фактылар боюнча ички иштер органдарына 102 кызматы аркылуу маалымдап коюңуздарды билдирет.

Кыргыз Республикасынын Мыйзамын билбегендик жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости