www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстандын Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына катышуучу курама командасынын кийиминин баасын жана дизайнерлери ким экенин айтып берди.

Ага ылайык, олимпиадалык курама команда үчүн кийимдерди ата мекендик дизайнерлер Сонун Нурманбетова, Алтынай Рыскулова, Салтанат Мамытова, Арановский Владимир Михайлович жана Нурсултан Муратовдор иштеп чыгышкан.

Форма Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желегинин түсүн чагылдырат жана аба ырайынын шарттарын эске алуу менен спортчулар үчүн ыңгайлуулукту жана функционалдуулукту камсыздайт.

Бут кийимди дагы камтыган форма толугу менен ата мекендик өндүрүштөгү жогорку сапаттагы материалдан жасалган.

Форманын бир комплектисинин баасы (трикотаж кофта, юбка/шым, куртка жана бут кийим) 36 миң сомду түздү.

Салтанаттуу жана спорттук формалардын фотосессиясына Париждеги Олимпиада оюндарынын катышуучулары, сууда сүзүү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери Елизавета Печерских жана 2024-жылдагы дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, 2022-жылкы жайкы Азия оюндарынын чемпиону Эрлан Шеров катышты.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости