www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байден жекшембиде президенттик жарыштан баш тарта турганын жана вице-президент Камала Харристин талапкерлигин колдоорун жар салган.

Москва АКШдагы шайлоого да, алардын ички иштерине да кийлигишпейт, өздөрүнчө чечишип алсын. Бул тууралуу Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.

Ал "Соловьев Live" каналында Жозеф Байдендин президенттик жарыштан баш тарткандан кийинки саясий кырдаалдын өнүгүшү боюнча комментарий бергенин РИА Новости жазды.

"Бири-бирин басынтуу, каралоо, чындыкты жашыруу аракеттери — мунун баары Америкадагы шайлоолор. Өздөрүнчө чечишип алсын. Биз алардын ички ишине да, шайлоосуна да кийлигишпейбиз", — деди ал.

Анткен менен Захарова Байдендин кылмыштуу президенттик мөөнөтү иликтениши керектигин белгилеп, ал күн алыс эместигин кошумчалаган.

"Анын (Байдендин) абалына эмес, Байдендин жана командасынын кылмыштуу мөөнөтүнө маани берилиши керек. Алардын дүйнөлүк алкакта кабыл алган кылмыштуу чечимдерине көңүл бөлүнүшү керек", — деди Захарова.

Эске салсак, Байден жекшембиде президенттик жарыштан баш тарта турганын жар салган. Ал вице-президент Камала Харристин талапкерлигин колдоду. Ошол эле учурда булардын атаандашы, мурдагы президент Дональд Трамп Харристи жеңүү жеңилирээк болорун бир нече жолу билдирген.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости