www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 7-каналга берген интервьюсунда Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Чыныбай Турсунбековдун кыздары эмне үчүн камакка алынганы боюнча пикирин билдирип, «Биздин тушубузда эч кандай жеке менчикке кол салуу деген болбойт. Анын баары мурунку замандарда калган, азыр андайга жол берилбейт. Булар 2010-жылы Максим Бакиевке тиешелүү «Акылинвестбанкты» рейдерлик жол менен тартып алышкан. Чыныбай Турсунбеков аялы Нуржан Тентимишовага каттатып, атын «Капитал банк» деп өзгөртүшкөн. Ошондон бери «Капитал банк» болуп иштеп келе жатат», — деди Ташиев.

Мындан тышкары, Бишкек арак заводун 1,5 гектарга жакын жери менен кошо мыйзамсыз менчиктештирип алышканын, Ысык-Көлдө 18 гектар жерди да мыйзамсыз алып, пансионат салып алышканын айтып, ал жерлерди мамлекетке кайтарылып жатканын кошумчалап, Бишкектеги заводдун жерине Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу үй салынарын, банкты сатып, акчасы ошол курулушка жумшаларын билдирди.

Последние новости