www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Пархат Тулендыбаев кыргыз элинен кечирим сурады. Анын кечирим суроосунун текстин Жогорку Кеңештин маалымат кызматы таркатты.

“Биздин мамлекеттүүлүгүбүздүн башкы символдорунун бири болгон Кыргыз Республикасынын гимнин туура эмес аткарганым үчүн Кыргызстан элинин алдында кечирим сурайм. Мындайды ар бир кыргызстандык үчүн, өзгөчө парламент депутаты үчүн жол берилгис нерсе деп эсептейм. Алдыда мында катачылыкты кетирбейм, элимдин, өлкөмдүн жыргалчылыгы үчүн эмгектенүүнү улантам деп убада берем. Дагы бир жолу чын дилимден кечирим сурайм”, - деген депутат.

Кечээ “Апрель” телеканалы Жогорку кеңештин айрым депутаттарынын гимнди билүү деңгээлин текшерген. Гимнди билбей чалынып-мүдүрүлгөн депутаттардын ичинен Пархат Тулендыбаевдин булдуруктап тантыган аткаруусу кыргызстандыктарды чалкасынан кетирген.

Депутаттын бул кечирим суроосу туура кадам болгондур. Эртең П.Тулендыбаев гимнди катыра жаттап туруп, аткарып берсе, аны шатырата сындаган эл асман-айга көтөрө мактап эле жатып калаары турган иш. Андыктан, депутат үчүн бул учур колдон чыгарбай турган ыңгайлуу шанс болуп турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости