www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары кесиптеши Бакыт Жетигеновду абактан бошотуу чечимин кабыл алды.

Анын кармалышынын мыйзамдуулугун иликтеген депутаттык комиссиянын жетекчиси Айсулуу Мамашова депутат бийликти басып алууга даярданбаганы жана мыйзамсыз негизде кармалганы аныкталганын билдирди.

Натыйжада комиссия Жетигеновду токтоосуз негизде бошотуу боюнча токтом долбоорун алып чыкты. Ага 88 эл өкүлү макул, бирөө каршы добуш берди.

Белгилей кетсек, Бакыт Жетигенов бийликти басып алууга белсенген деген шек менен 26-ноябрда кармалган.

8-декабрда парламенттик комиссия Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров мыйзамсыз кармалган деген тыянак чыгарган. Анын негизинде аталган депутаттар абактан бошотулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости