www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Калмаматовдун паспорту жасалма болушу мүмкүн

Саясатчы Бактыбек Калмаматов сегиз сааттан бери Улуттук коопсуздук комитетинде (УКМК) сурак берип жатат. Бул тууралуу анын жактоочу Айым Камчыбекова билдирди.

Жактоочунун айтымында, атайын кызмат Калмаматовдун жалпы жарандык паспорту жасалма болушу мүмкүн деп текшерип жатат.

"Бактыбек Калмаматов учуу алдында Сот департаментинен, Чек ара кызматынан өлкөдөн чыгууга чектөө жокпу деп текшергенбиз. Эч кандай тоскоолдук жок деген. Аэропорттон каттоодон өтүп, Чек ара кызматына жеткенде чек арачылар рейстен алып калышты. Эмне себептен кармап жатасыңар десек, атайын кызматтын "Калмаматовду кармап өткөрүп бергиле" деген оперативдик буйругу бар бар дешти. Бир сааттан кийин УКМКнын кызматкерлери келип, чакыруу кагазын беришти. Эмне маселе десек, паспортуңар жасалма дейт. Бул паспорт менен Украинага, Түркияга, Өзбекстанга барып келген".

Калмаматовдун адвокаты сурак сегиз сааттан ашык убакыттан бери жүрүп жатканын, бул мыйзам бузуу экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов 22-декабрдын түнүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) суракка чакырылганын билдирип, видеокайрылуу жасаган.

Калмаматовдун белгилешинче, 22-декабрга караган түнү Сауд Арабиясына эки жумалык умра зыяратына баратканда чек арачылар ага өлкөдөн чыкканга болбой турганын, ушундай буйрук бар экенин айтышкан. Кийин ага атайын кызматтын эки өкүлү келип, "күбө катары суракка чакырылганы" тууралуу кагаз беришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости