www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өздөрүнүн кызыкчылыгын түртмөлөгөн депутаттар мыйзам токуп, аны өкмөттүн колу менен парламентке алып келишкени билинип калды.

Мыйзам долбоордо мамлекеттик жана 1992-2000 жылдары менчиктештирилген ишканалардын карызын кечүү сунушталган. Тагырагы анда жалпысынан 25 субъектинин 2 миллиард 237 миллион 200 миң сом карызы жөнүндө сөз болот.

Андагы келтирилген жүйөөлөргө ылайык, бул миллиарддар 19-27 жыл мурун бир катар Европа өлкөлөрүнөн алынган кредиттер доллардын курсу өсүп кеткенден улам төлөөгө мүмкүн болбой калганы айтылат. Бирок, ошол убактагы курс менен иштеп пайда тапкандарын эске алган, Эльвира Сурабалдиева мында кесиптештери аралашкан ишканалар дагы бар экенин эшитип калганын жыйында ачык эле айтып салган болучу.

Буга таянган Спутник сайты өздөрүнүн иликтөөсүн жарыялады. Анда сөз болуп жаткан менчик ишканалардын бири депутатка таандык болсо, арасында депутаттардын дос, жакындарына тиешелүүлөрү дагы бар. Төмөндө алардын тизмеси:

  1. "Фармация" ишканасы - 118,39 миллион сом карызы бар. Кожоюуну Тимур Матыев, ЖК депутаты, Дастан Бекешовдун университетте бирге окуган досу.
  2. "Касиет" камволдук жип ийрүү фабрикасы - 561.88 миллион сом карызы бар. Учурдагы жетекчиси Урмат Жолдошбеков. Ишкана ЖК депутаты Руслан Чойбековко таандык.
  3. "Манас" ишканасы - 4.95 миллион сом карызы бар. Директору Нурлан Казакбаев да белдүү бизнесмендердин катарын толуктайт. 2010-жылы "Республика" партиясы менен парламенттик шайлоого катышып, мандатка жеткен эмес. Бирок 2012-жылы КСДП партиясынын тизмеси менен Жалал-Абад шаардык кеңешине депутат болгон.
  4. "Транс-Союз-Азия" ишканасы - 85,5 миллион сомдук карызы бар. Директору Жунушбай Үмөталиев - жарандык активист Токтайым Үмөталиеванын жолдошу. Бул компанияны 2004-жылы Хорт Григорийден өткөрүп алган.

Мындан башка да толтура белгилүү ишкерлер бар. Мына биздин бизнесмен эл өкүлдөрүнүн кылары ушул. Ошол убактардагы менчиктештирүүнү эске алсак, ал кезде завод-фабрикалар тыйындарга эле менчиктелип кеткен эмес беле?.. Арзыбаган акчага менчиктештирип алганы аз келгенсип, эми карызын да эл төлөш керекпи?.. Депутаттардын шайлоодо бекеринен добуштарды сатып албагандыгын жакшы аңдай турган учур келип жетти көрүнөт. Мындан кийинкиси түзүк болуусу үчүн 2020-жылы боло турган шайлоодо ар бир шайлоочу өз добушун ойлонуп туруп, татыктуусуна берсе керек. Бир кетмендин башын миң жолу баспайт же сүткө оозу күйгөн эми айранды дагы үйлөп ичет!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости