www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ашхабад шаарында (Түркмөнстан) Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин (КМШ МБК) жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

КМШга катышкан мамлекеттердин башчылары төмөндөгү документтерге кол коюшту:

  1. 2020-жылкы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине төрагалык жөнүндө;
  2. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү жөнүндө;
  3. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Стратегиялык экономикалык кызматташтыгы боюнча Декларация жөнүндө;
  4. Совет элинин 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишинин 75 жылдыгына карата Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин башчыларынын Шериктештик өлкөлөрүнүн калкына жана дүйнө коомчулугуна Кайрылуусу жөнүндө;
  5. Эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды ишке ашырууну өткөрүп берүү тууралуу Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Конвенциясы жөнүндө;
  6. 2020-2022-жылдарга карата терроризм жана экстремизмдин башка зомбулук көрүнүштөрү менен күрөшүүдө Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин кызматташуусу боюнча Программасы жөнүндө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости