www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Келээрки, 2020-жылдагы парламенттик шайлоо “эң кымбат” шайлоо болот. Бул тууралуу өкмөт башчы өз оозу менен айтты. Капчыгы калың соодагерлер менен олигархтардын бийликке келишине эми Кыргызстандыктар мурдагыга салыштырмалуу 5 эсе кымбат төлөшөт.

Тактап айтканда, 2020-жылы өтө турган өлкөнүн парламенттик шайлоосуна Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинен 1 миллиард 200 миллион сом корото турган болушту (Азыркы парламент “олигархтар парламенти” деп сынга алынып келген. Ал эми кийинки чакырылыш олигархтардан жана капчыгы калыңдардын парламенти болуп калат деген божомол бар). Мындай төбө чачты тик тургузган маалыматты премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ачыктады. Ансыз деле кактап сааган эчкинин эмчегиндей “салбырап” бош турган кыргыз өлкөсүнүн “капчыгынан” (өлкө бюджети салыктан куралаарын билесиздер, демек элден чогулган акча деп айтууга толук негиз бар) Кыргызстандагы мурунку өткөрүлгөн шайлоолордо канча акча коротулганына саресеп салып көрөлү…

2015-жылы өткөрүлгөн парламенттик шайлоого мамлекеттик казынадан 258 миллион 895 мин акча коротулган.

Ал эми 2017-жылдагы президенттик шайлоого 539,5 миллион сом сарпталып, эгерде II тур өткөрүлө турган болуп калса, ага 132 миллион сом сарпталышы пландаштырылган эле (Бактыга жараша шайлоо биринчи тур менен аяктап, 132 миллион сом Кыргызстан элинин пайдасында калды).

Албетте, Кыргыз Өкмөтү мындай “ашыкча” акчаларды кайдан таап жатат деген табигый суроо ар бирибизде жаралбай койбойт. Ошол эле шайлоочу, анын саны беш эсе өсүп кеткен жок да. Же элдин эмгек маянасы беш эсе жогорулап, жашоо деңгээли оңолуп кеттиби? Болбосо, кыргыз өкмөтү шайлоо кутучаларын “алтындан” жасатканы жатабы?

Өкмөт башчы М. Абылгазиев 2020-жылдагы шайлоого азыраак чыгым пландалганын, бирок “кошумча” каражат” бөлүүгө туура келгенин моюндады. Анткен менен канча акча кайдан кошулганын, эң башкысы “эмне үчүн” кошуп жатканын айтпады!?. Кыскасы, түшүнүксүз!

Эмки жылы элдин жашоо-турмушу дагы төмөндөшү күтүлөт. Анткени Кыргызстандын 2020-жылдагы чыгашасы 173 миллиард 663 миллионду түзөөрү болжолдонуп, ал эми бюджет тартыштыгы (дефицит) 9 миллиард 953 миллион сомду чапчып турат (Чыгашанын ичине парламент шайлоосуна коротулчу 1 миллиард 200 миллион сом да кирет).

Өкмөт башчынын мындай билдирүүсүнөн кийин “чындап эле мамлекет акчаны эмнеге коротушун билбей “маң” болуп калганбы” – деген күдүк ой күчөп, нааразычылыкты арбыта баштады. Арасында парламенттик шайлоого катышуучулардын арасында кедей-кембагалы жок, жалаң “капчыгы калыңдар” катышат, сарптала турган обу жок чыгымдын жок дегенде жарым-жартылай бөлүгүн өздөрүнө деле төлөтсө болмок, – деген ойду кармангандар бар…

Кыргызстанга 120 баштуу «толку» жок “ажыдаардын” (чөнтөк парламенттин) кереги барбы? Акыркы чакырылыштагы (азыр иштеп жаткан) Жогорку Кеңешти багууга” элдин эсебинен 2 миллиард 436 миллион 854 миң сом чыгымдалды. Буларың кыргызга пайда алып келген эмне мыйзамды чыгарды, – деп талашкандар андан көп…

Чындап эле, 1 миллиард 200 миллион сомго канча мектеп, бала бакча курса болот! 21-кылымда жашап аткан кыргыздарда электр жарыгы жетпеген айылдар, темир контейнерде окуган балдар бар! Расмий маалыматтарга таянсак, бүгүнкү күндө республика боюнча 190 мектеп авариялык абалда турат! Бул тууралуу "Жаңы Ордо" гезити жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости