www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында Грузияда ардагерлер арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионатында 41-45 жаштагылар арасында коло медалды Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов багындарып келген.

Ага удаа мурдагы ИИМ министри, учурдагы ЖАМКтын төрагасы Мелис Турганбаев “Манастан Чубак кем бекен” – дедиби, айтор ошол эле Грузиянын Тбилиси шаарында өткөн мелдеште 56-60 жаштагылар арасында алтын медалды утуп, биринчиликти камсыз кылды. Ал эркин күрөш боюнча атаандаштарынын бирин калтырбай таш-талканын чыгарып, чечүүчү беттеште АКШлык Жорж Брэдлиге эч мүмкүнчүлүк берген жок. Ошентип, Кыргызстандын өкүлү дүйнө биринчилигинде биринчиликти алды.

NazarNews.kg сайтынын эмгек жамааты ЖАМКтын төрагасы Мелис Турганбаев жана Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовду жана бүтүндөй кыргыз элин бул жеңиши менен куттуктайт!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости