www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламент комитетинде электр тарифи талкууланган жок

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети 11-майдагы жыйынында электр энергиянын тарифине байланыштуу маселени карабай турган болду. Бул тууралуу тиешелүү комитеттин төрагасы, депутат Кожобек Рыспаев билдирди.

Анын сөзүнө караганда, бул маселеге байланыштуу энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев баяндама жасамак. Бирок министрлер кабинетинин өтүнүчү менен маселе комитеттин бүгүн, 11-майдагы жыйынынын күн тартибинен алынып салды.

«Өкмөт «азыр кандайдыр бир чечим кабыл ала элекпиз. Бул өкмөттүн гана долбоору» деген кат жазыптыр. Ушундан улам күтө турууну чечтик», - деди Кожобек Рыспаев.

Кыргыз бийлиги электр энергиясы жаатында сунуштап жаткан жаңы тариф саясатын августка чейин коомдук талкууга коюп, чечим кабыл ала турганын билдирген. Ал тарифте аз камсыз болгон 200 миңден ашык үй-бүлөдөн башка абоненттерге электр жарыгынын баасы азыркыдан эки эсе кымбаттай турганы айтылган.

Учурда Кыргызстанда элге электр энергиясы 1 кВт саат үчүн 77 тыйындан бирдиктүү тариф менен берилип жатат. Эми сунушталган жаңы тарифтик саясат боюнча калк 3 категорияга бөлүнөт.

Кыргызстан жылына орто эсеп менен 14-15 млрд. кВт/саат электр энергиясын өндүрөт. Өлкө өзүн электр жарыгы менен камсыздай албай калган жылдары коңшу Казакстан менен Өзбекстандан сатып алат.

2021-жылы электр энергиясынын таңкыстыгы 3 млрд. кВт саат деп эсептелди. Учурда кыргыз өкмөтү Казакстандан 900 миллион, Өзбекстандан 750 миллион кВт\саат алып жатат. Аны Кыргызстан үч жылдын ичинде бөлүп-бөлүп кайра электр энергиясы менен кутулууну пландоодо.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости