www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Орусияга Кыргызстандан караганда Тажикстан маанилүү” - деди бүгүн, 11-майда NazarNews маалымат агенттигине эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул.
--“Орусия үчүн Кыргызстанга караганда Тажикстан абдан маанилүү. Себеби, АКШ Ооганстандагы аскердик техникасын чыгарып кетет. Ошого байлыныштуу Орусия Тажикстанды АКШга ыктап кетпесин деп чоочулап жатат. АКШнын президенти Джо Байден Ооганстандагы аскердик техникасын чыгарып кетсе, Ооганыстандын аскерлеринин Талибдерге күчү жетпей калышы мүмкүн. Анда Тажикстанга дагы чоң коркунуч жаралат. Себеби,Тажикстан менен Ооганстандын чек арасы чектешкен. Бирок чек араны бекем деп айтууга болбойт.
Ошондуктан "тажик тарапка талибдер өтөт" деген кооптонуу бар. Буга байланыштуу Тажикстан болушунча чараларды көрүп жатат. Мындан сырткары Орусия дагы катуу аракеттерди көрүүдө”, - дейт Чынара Эсенгул.
Булак: NazarNews.kg