www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламент Кыргыз-Россия Славян университетинин ишинин шарттары жөнүндө эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда түзүлгөн макулдашууну үч окууда ратификациялады.

Анда тараптардын университетти башкарууга биргелешкен жана бирдей укукта катышуусу үчүн Башкаруу кеңеши түзүлөрү каралган. Ал жогорку коллегиалдуу орган болуп саналат, курамы Кыргызстан менен Россиядан алты адамдан турган ыйгарым укуктуу органдардын өкүлдөрүнөн түзүлөт.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулунун айтымында, Башкаруу кеңеши окуу жайды өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктайт. Бюджетин жана жыл сайын ректордун отчетторун бекитет, университеттин ишмердигине байланышкан башка маселелерди карайт.

Университетти башкаруудагы жеке аткаруучу орган болуп университеттин ректору эсептелет, ал кызмат ордуна 5 жылга чейинки мөөнөткө дайындалат жана эки мөөнөттөн ашык иштей албайт.

Макулдашууда КРСУнун ректору Россия тараптын ыйгарым укуктуу органы тарабынан кызматка дайындалышы жана бошотулушу каралган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости