www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистандын мурдагы премьери Имран Хан жана анын аялы Бушра Биби мамлекеттик казынада сакталган баалуу буюмдарды сатканы үчүн 14 жылга кесилди. Бул туурасында РИА Новости Geo телеканалына таянып билдирди. 

Жубайлардын ар бири 787 миллион рупийден (2,8 миллион доллар) айыпка жыгылып, андан кийин 10 жылга чейин мамлекеттик кызматта иштегенге тыюу салынган.

Бул иш боюнча жаңы өкүм атайын сот Хан менен ТИМдин мурдагы жетекчиси Шах Мехмуд Курешини мамлекеттик сырды ачыктаганы үчүн 10 жылга кескенден кийин чыккан.

"Тошахан иши" салык төлөбөй туруп, казынадан баалуу буюмдарды саткандарга тиешелүү. 2022-жылдын октябрында Пакистандын шайлоо комиссиясы Ханды парламенттик мандатынан, андан сырткары федералдык, аймактык мыйзам чыгаруучу органдарга шайлануу, дайындалуу укугунан 5 жылга чейин ажыраткан.

Тошахан сакталып турган 52 баалуу буюмду сатканы жана алган белектерин айтпай койгону үчүн коммисия Ханды күнөөлүү деп тапкан.

Хан бийликтен кулатылгандан кийин өлкөнү жетектеген премьер Шахбаз Шариф Хандын мамлекеттик казынадан жалпы баасы 140 миллион рупийлик (630 миң доллардан ашык) буюмдарын Дубайда соодалагандыгын билдирген.

Өткөн жылдын август айында Исламабадда сот Ханды мамлекеттик Тошахан казынасындагы баалуу буюмдарды саткандыгы, алдамчылык үчүн үч жылга кескен. Өкүмдүн жыйынтыгы менен Пакистандын шайлоо комиссиясы экс-премьерге саясий ишмердүүлүк менен алектенүүгө 5 жылга чектөө койгон. Бирок ошол эле айда Исламабаддын Жогорку соту Хандын үч жылдык жазасын токтотуп, бирок башка дагы иштерден улам түрмөдө калтырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости