www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратурадагы сейфте сакталган 762,5 миң долларды алып кеткен мекеменин бөлүм башчысы Рустам Абдырасуловдун иши тергелип бүтө элек. Бул тууралуу баш прокурор Курманкул Зулушев 31-январда журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп жатып айтты.

"Ал акчаны ордуна койду, бирок бүгүнкү күнгө чейин Абдырасуловдун тергөөсү бүтө элек. Анын үй камагына чыкканына бир жума болду. Биз дагы эле акчаны каякка жөнөткөнү, аны эртеси күнү иниси алып келип бергени боюнча сурап жатабыз. Чындыгын билишибиз керек”, - деди Зулушев.

Зулушев ал акчаны Абдырасулов казиного салган деген маалыматты төгүндөдү. Ал ошондой эле аталган сумма толугу менен орусиялык ишкерге өткөрүп берилгенин кошумчалады.

Окуя былтыр сентябрь айында болгон. Бир катар маалымат каражаттары Абдырасулов 700 миң доллардан ашык акчаны сейфтен алып, букмекердик конторага уттуруп жибергенин, ал Бишкек гарнизонунун жаза өтөөчү жайына (гауптвахта) камалганын жазышкан.

Кийин көзөмөл органы бул тууралуу түшүндүрмө берип, букмекердик конторага байланыштуу сөздөрдү четке каккан. Мекеме жасалма документтер менен өлкө аймагынан 1 млрд 478 млн орус рублин чыгарып кетүү фактысы тергелип жатканын, көзөмөл органы күнөөлүүлөрдү аныктап, 20 млн АКШ долларын акчанын ээсине - орусиялык ишкерге өндүрүп бергенин билдирген.

Сөз болуп жаткан 762 миң 500 доллар жума күнү иш убактысы бүтүп бараткан убакта өндүрүлгөнү үчүн банк аркылуу которулбай калып, аны кызматтык сейфте сактап туруу үчүн Абдырасуловго берилген. Ошондон кийинки апта башында үч күн бою Абдырасулов жумушка чыккан эмес. Прокуратура анын иш бөлмөсүн текшергенде, сейфте акча жок болуп чыгып, бул боюнча кылмыш иши козголуп, бөлүм башчыны Аскер прокуратурасы кармалган.

Мекеме билдиргендей, Абдырасулов кармалгандан эртеси күнү анын жакындары 762 миң 500 долларды алып келип, тергөөгө өткөрүп берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости