www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстандын парламенти калктын көпчүлүк бөлүгүн эмдөөдөн өтүүгө милдеттендирген мыйзамды колдоп берди. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн маалымат каражаттары жазды.
Бул документ жумуш берүүчүлөргө мындан ары коронавируска каршы вакцина алуудан баш тарткан кызматкерлерди иштен четтетүүгө мүмкүндүк берет.
"Вакцина алууга медициналык каршы көрсөтмөлөр жок болгон учурда эмделүүдөн баш тарткан жарандар иштей албайт. Эми бул документке президенттин гана кол коюусу күтүлүп жатат", - деп айтылат кабарда.
Маалыматка караганда, буга чейин өлкөдө "Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө" мыйзам болгон. Бирок анда кайсы бир инфекцияга каршы вакцина алуудан баш тарткандар кантип жазаланары көрсөтүлгөн эмес. Мындан ары эмделгиси келбеген жарандар эч жакта иштей албай калышат.
Булак: NazarNews.kg