www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеш бүгүн кезексиз жыйынга чогулат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Күн тартибиндеги негизги маселе - президенттин Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал жарыялоо тууралуу жарлыгы.
Бүгүн, 24-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндөгү жарлыктарга кол койду.
Мамлекет башчысы коронавирус инфекциясынын жайылуу тенденциясы өсүп жаткандыгына байланыштуу дүйнөдө, ошондой эле Кыргызстанда түзүлгөн татаал кырдаалды белгиледи.
Жогорудагы аймактарда өзгөчө абал киргизүү тууралуу президенттин жарлыктарына кол коюлуп, Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөнү айтылды.
Өзгөчө абал 2020-жылдын 25-мартынан саат 8:00дөн тарта 15-апрель саат 8:00гө чейинки мезгил аралыгына киргизилери, аталган шаарлар менен райондордун аймактарында комендатура түзүлөрү айтылды.
Мыйзам боюнча, президенттин айрым аймактарда өзгөчө абал киргизүү жөнүндөгү жарлыгын Жогорку Кеңеши үч күндөн кечиктирбей өзүнүн токтому менен бекитүүгө же аны жокко чыгарууга тийиш.
Кыргызстанда COVID-19 вирусун жугузгандар 16 кишиге жетти. Илдетке чалдыккандардын сегизи Сузак районунан, бешөө Ноокат районунан, бирөө Баткен районунан, экөө Бишкек шаарынан катталган.
Булак: NazarNews.kg