www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргызстандын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын бириктирилген долбоору каралды.

Жыйында баяндама жасаган Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Данияр Төлөнөв белгилегендей, каралып жаткан бириктирилген мыйзам долбоору боюнча 50 депутаттан 200дөн ашык, ал эми экономика жана коммерция министрлигинен 100дөн ашык сунуштар келип түшкөн.

“Бизнес өкүлдөрүнөн да 59 сунуш түшүп, анын 20сы кабыл алынды. Мыйзам долбоорунун негизги багыттары төмөнкүлөрдү камтып жатат: биринчиден, Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу кагылыштан жабыркаган ишкерлердин салык карыздарын кечүү; экинчиден, товарды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн жылдык каражаты 8 млн сомго чейин болгон кассалык аппаратты колдонуу талаптарына жооп берген чакан ишканалар үчүн мөөнөтсүз салык төлөөдөн бошотуу”, — деген комитет төрагасы башка сунуштарга да учкай токтолду.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев кошумчалагандай, мыйзам долбоору контролдук кассалык машиналарды жана электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасын милдеттүү колдонуу шартында салык салуунун патенттик системасын оптималдаштыруу аркылуу жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомго чейин товарларды жеткирүүнү, калкка жумуштарды жана кызматтарды көрсөтүүнү жүргүзгөн субъекттерди салык төлөөдөн бошотууну карайт.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев бул биргелешкен мыйзам долбоору экенин белгилеп, кандай концептуалдык өзгөртүүлөр сунушталып жатканына кызыкты.

Д.Амангелдиев маалымдагандай, документте Д.Төлөновдун баяндамасында айтылган өзгөртүүлөрдөн тышкары, экономиканын тармактарын, анын ичинде айыл чарбасын, креативдүү жана IT-индустриянын курулушун колдоого багытталган нормалар камтылган.

Ал эми эл өкүлү Акбөкөн Таштанбеков салык саясатын ишке ашырууда тандалма мамиле болбошу керектигин белгилеп, салык төлөөчүлөрдүн укугун коргоо маселесине көңүл бурду. «Алсак, салык инспекциясы жөнөкөй жарандардан салык алуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонушса, бай “крутой” төлөөчүлөр мындан качуунун жолун табышат», — деди депутат.

Мындан тышкары, депутат Эмил Жамгырчиев, салык реформасынын максаты ишкерлердин ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун жогорулатуу экенин айтып, жарандарды чектерди талап кылуу максатында масштабдуу кызыктыруучу акцияларды өткөрүүнү сунуштады.

“Мисалы, Салык кызматынын “Чек талап кылып, байге утуп ал!” шыктандыруучу лотереясы глобалдык масштабга ээ болгон эмес, буга байланыштуу мен уюлдук операторлор жана башка кызыкдар тараптар менен биргеликте кассалык чектерди талап кылууга түрткү берүүгө жана калктын жарандык активдүүлүгүн, салыктык сабаттуулугун өркүндөтүүгө багытталган акцияларды өткөрүүнү сунуштайм. Бул аракеттер көмүскө экономиканын көлөмүн кыскартууга, бюджетти толтурууга жакшы өбөлгө түзөт”, — деди Эмил Жамгырчиев.

Депутат Жаныбек Кыдыкбаев банк кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле резидент эместердин статусун тактоо маселелерин көтөрсө, Мирлан Самыйкожо Электрондук товардык-транспорттук кагаздарды (ЭТТН) колдонуудагы кыйынчылыктарды жоюуга чакырды.

Жыйынтыгында “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын бириктирилген долбоору экинчи жана үчүнчү окууда жактырылды.

Ошондой эле депутат Маматалиевдин ЭТТН боюнча ишкерлерге штрафтарды 1 жылдык мөөнөткө колдонбой туруу сунушу колдоо тапты.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости