www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дастан Сарыгулов:

2015-жылы «Улутман» телеберүүсүндө Чыңгызхан кыргыз болгонун сиз илимий булактардын негизинде далилдүү айтып бердиңиз эле. 2016-жылы май айында чыккан «Улутман» гезитинде бул жөнүндө көлөмдүү макала жарыяладыңыз.

Тарыхый булактардын кайсыларына таяндыңыз? Алар ишенимдүү булактарбы?

- Тарыхтын тереңинен маалыматтарды ырааты менен келтирейин.

Бириничи.  Рашид-ад Дин  1430-ж.  “Тарых   жыйнагы”   деген эмгек жараткан. Москва шаарында 2012-ж. ЭКСМО басмаканадан     чыккан  “Чингисхан. Сокровенное сказание.”   деп  аталган  китепте  “Тарых жыйнагынан”   көлөмдүү үзүндүлөр келтирилген. Китептин 163-бетинде   Чыңгызхан кытай элчилерин кабыл алууда - деген сүрөт  берилген. Бул сүрөттө Чыңгыз хан  Ак-калпак  кийип  турат .    

Биринчи сүрөт: Чыңгызхан кытай элчилерин кабыл алууда

“Джами ат-таварихи” кол жазмасынан.

1430ж.

Экинчи. 1540-ж. Самарканд шаарында Масуд ибн Соманий Кухистан жазган   “Абылкайыр – каан тарыхы”, жана Гарольд   Лэмб “Тамерлан. Повелитель и полководец”, Москва. Центрполиграф. 2014 г., “Джами  ат-таварихи”, деген китептерден түстүү сүрөттөр  келтирилген (Экинчи, үчүнчү сүрөттөр).

 

Экинчи сүрөт:  Чыңгызхан  уулдарын  Сыр-Дарыянын  жээгинде кабыл алууда. (Чыңгызхан, төрт баласы жана үч

жардамчысы – баары Ак-калпак кийип турат)

“Абылкайыр – каан - тарыхы” 1540 ж..

 

Үчүнчү сүрөт: Темирлан 1370– жылы  Балх шаарын  курчоого алганда. (Сүрөттө көпчүлүк Ак калпакчан).

Төртүнчү сүрөт:  Абага хандын такка олтурушу (Иран) 1265 – 1282 жылдар (сүрөткө түшүндүрмө 97- бетте).

Бешинчи сүрөт: Хулагиддердин жетинчи Эл ханы Газан хан  ак сөөктөрдү кабыл алууда. 1295 – 1304 жылдарда бийлик жүргүзгөн.  (сүрөткө түшүндүрмө 97- бетте).

Алтынчы сүрөт:  Газан хандын исламды кабыл алышы.
1295 – 1304- жылдарда бийлик жүргүзгөн.
(сүрөткө түшүндүрмө 98- бетте).

Жетинчи сүрөт:  Теми

рландын небереси, Шахрухдун уулу Улугбек 1405 – 1449- жылдары бийлик жүргүзгөн. Сүрөт 1425-1450 жылдар аралыгында тартылган. Улугбектин аялдары монголчо кийинген. Анын 2 уулу жана 3 генералы ак калпак кийиип турат. (сүрөткө түшүндүрмө 98- бетте).

Сегизинчи сүрөт: Абулхайир хандын такка олтурушу. 1428 – 1468-жылдары бийлик жүргүзгөн. Масуд Усмани Кухистанинин  “Тарих-и Абулхайири-хани” (1541 ж) китебинен алынды (сүрөткө түшүндүрмө 98- бетте).

Тогузунчу сүрөт: Осмон империясынын 1-падишахы Осмон Газы (1281-1299). Джулюс (тронная церемония) Стамбул шаарындагы Топ–Капы музейинде (сүрөткө түшүндүрмө 98- бетте).

Үчүнчү.  Абуль-Гази-Багадур хан 1660-жылдары жазган    “Түрк элдеринин санжырасы” деген эмгегинде (1726-ж. француз, 1770-ж. орус, 1780-ж. немис тилдеринде которулган)  45, 46, 94-беттеринде       минтип   жазат:    Тумен  хандын   тогуз  баласы  болгон. Түн   уулу   Жаксу  (Ноотакын),  эң  кенжеси – Жантай,  ортосунда  эгиздер     Кабул, Кажул, Кабулдан – Бартан-баатыр, Кажулдан – Иримчи Барлас, Аксак Темир (Тамерлан) барлас уруусунан. Бартан-баатырдан  Есугей, андан – Темучин  (Чынгызхан). Кыргыздын  эмчи-домчулары  эмдегенде  бүгүн дагы    “бул менин колум эмес,  түпкү атабыз  Тумен-хандын  колу” – дешет.

Төртүнчү.  Француз тарыхчы Д`Оссон К.  “Чыңгызхандан Темирланга  чейин”   деген  эмгегинде  (Алматы, Санат, 1996 ж.)     минтип жазат – 42, 216-беттеринде :   “Тумен хандын аялы,  Кабулдун аялы,  Есугейдин аялы – Чыңгызхандын  энеси,  Чынгыз-хандын аялы,  Чыңгызхандын көзү өткөндө  такка  олтурган  уулу  Угедейдин аялы – баары кыргыздын кыздары болгон” -   деп.

Бешинчи.   С.М.Абрамзон    “Кыргыз  жана  Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер”   деген китебинде  (Бишкек ш. 1999 ж.) минтип жазат (633, 634, 671-беттери) “Түмөн-хандын Тун уулу  Жаксу, андан  Ак-Мангыт, андан Кутлук-кыя, андан – Эдигей”.

Жумгал, Суусамыр, Ак-Талаада  жашаган чекир саяктар түпкү  ата-бабаларынын  бирин  Эдигенин  ысмы  менен  байланыштырат”- деп.

Чекир-саяктар кыргыз эмес деп ким айталат?

Алтынчы.  Чыңгызхан балдарына койгон аттар: Жоочу (жоону алган уул болсун),   Жаадай (жебедей алыстан алган),   Өгөөдөй (катуу, кайраттуу, жешилбеген, өгөөдөй бекем), Туу уул (туу көтөргон уул болсун).

900- жыл ичинде бурмаланып Жучи, Чагатай, Угедей, Тулуй деп жазылып, бизге жетип олтурат (Николай падышаны кыргыз Мекелей деп айткандай).

Жетинчи. Жоочу дүйнөдөн мезгилсиз өтүп кеткенде суук кабарды Чыңгызханга эң жакын, эң сыйлаган адамы угузат эмеспи (кыргыздын салты боюнча).

Бука деген аскер башчысы, кыргыз, комуздун күүсү менен угузат. Кыргыздан башка бир дагы элде  комуз аспабы жок!

Күүнү коштоп минтип айтат: “Алтын боолуу  Ак-Шумкар  алтын боосун үзүптүр, Айга карай сызыптыр. Күмүш боолуу Көк-Шумкар күмүш боосун үзүптүр, Күнгө карай сызыптыр” – деп.  Бул  сөздөр кыргыздыкыбы  же монголдукубу?

 “Кет Бука” комуз күүсү бүгүн да элибизде чертилип жүрбөйбү!!!

Сегизинчи. 1979-ж. Казань шаарында жарык көргөн “Жалованные акты Джучиева улуса XIV-XVII в.в. ”деген китепте тарыхчы Усманов Миркасым  тарыхый булактардан үзүндүлөрдү келтирет – 80 - 82- беттер “Түтүн салыгын буйрук кылдым” деген жарлыгын окуп абдан таңгалдым. Накта, талашсыз, кып-кыргыз тилинде Жоочу жарлык чыгарып турбайбы!!!

Тогузунчу.  Капитан Андреев И.Г. 1785-ж. “Описание Средней Орды киргиз-кайсаков” деген китебинде минтип жазат: “В старинной татарской истории нашел я, Чынгыз-хан... взяв с собой трех человек, ушел в Черную гору (Кара-Тоо) к киргизам, наказав своей матери, ежели будут его искать, чтобы  там искали...”- деп, 25 бет.

Эмне үчүн баш калкалап, 11 жаштагы Чыңгызхан кыргыздарга качкан??? Анткени, ал өз тегин жакшы билген!!!  Чыңгызхан деп кийин аталган, бала кезинде аты Темирчың (темирдей чың, катуу, курч болсун - деп)  болгон.

Чыңтемир, Темирчың, кыргыздын ысымдары болуп жатпайбы!!!   

Онунчу.  Россиянын тарыхчылары Рачневский, Кычанов Е.И. “Алан-Гоа  трех своих младших сыновей родила от кыргыза” – деп жазып чыгышкан.

Он биринчи. Чыңгызхан дүйнөдөн өткөндөн кийин (1227-ж.) хан  болуп  уулу Угедей шайланат.  Ал дүйнөдөн  1241-ж. өткөндөн кийин так талаш башталат. Жучинин уулу Батый менен Угедейдин  уулу Гуюктун ортосунда нааразычылык күчөйт. 1250-жылдан кийин Монгол империясы ыдырай баштайт.

Батыйдын   небереси  Мөнгү - Темирдин   демилгеси   менен 1269-ж. Таласта Курултай өтөт.

”По инициативе Менгу-Темира был созван в 1269 г. Курултай, который  состоялся в Таласе. На Курултае был установлен мир между улусами  Джучи, Угедея  и Чагатая и уточнены  границы каждого  из  них...”.   Р. Рахманалиев,   “Империя  тюрков”,   Москва, 2015 г.,  345-бет.

Эмне үчүн курултай Таласта өткөн? Бир-бири менен согуша баштаган Чыңгызхандын урпактары Манас бабабыздын  арбагы жаткан жерде башыбызды кошуп, ынтымакка келбесек, бөлөк жерде ынтымакка келе албайбыз – деп, Таласта баары башын кошуп, кайрадан биригишкен.

Он экинчи.  Темирландын кан сарайында көп жыл жашаган Испаниянын элчиси Руи Гонсалес де Клавихо  минтип эскерет:  “Темирландын кан сарайында кышында бозо, жайында кымыз, ал эми сый тамактын эң баалуусу “задняя часть лошади” – деп.

Уча, бозо, кымыз – кыргызга гана таандык, ал эми өзгөчө – Уча менен бозо!!!

“Кажулдун урпактары аскер башчы, Кабулдун тукуму – хан болсун” – деген эки эгиз бир туугандардын чечими чегилген күмүш буюм казнада сакталып турганын Темир (Темирлан) жакшы билип өмүр бою аскер башчы болуп  өткөн”.

Гарольд   Лэмб.     “Темирлан.   Повелитель  и  полководец”.

Москва. Центр полиграф. 2014-ж. 24-бет.

“Государь  (Темирлан)  сидел  скрестив  ноги... Он был одет в шелковое облачение и высокую белую шапку”.  Ак калпак кийгенин баса белгилеп айткан ошол заманда Испания мамлекетинин элчиси Руи де Гонсалес Клавихо.

Гарольд Лэмб. “Темирлан. Повелитель и полководец”. Москва. Центр полиграф.2014-ж. 321-бет.

Он эки топко кирген кыска, бир сүйлөм маалыматтар жөн эле кокустук, кыргызга тиешеси жок – деп акыл-эсин  жоготкон, келесоо гана айтпаса, соо адам  же ойлонуп калат, же ишенет.

“Чыңгызхан, мейли, кыргыз болсун. Бирок, андан биз эмне пайда көрөбүз? Бул маселени эмне эле талаша бересиңер? ”  – деген пикирлер да айтылып жүрөт.  Үстүртө караганда ошондой. Бирок терең ойлонгондо  бул маселенин мааниси зор.

Кыргызга таандык адилет, калыс, чынчыл, кайрат, эр жүрөк, жөнөкөй, даанышман, келечекти көрө билген сапаттар болбосо Чыңгызхан чыгыштан – Тынч деңиз, батыштан – Кара денизге чейин түркүн эл, далай өлкөлөрдү бириктирип, алардын ынтымак, биримдикте жакшы жашоосун камсыз кыла алат беле?

Чыңгызхандын далай ийгиликтери, улуу сапаттары бизге үлгү болсо жаманбы?

- Чыңгызхандын, Темирландын теги жөнүндө сиз “Манас жаңырыгы” телеканалында маек куруп, далай тарых китептерди алып келип, барактап окуп күмөн санатпай далилдеп бергениңизди элибиз көрдү. Андан бери бир-топ убакыт өттү, бирок сиздин айтканыңызды бир да илимпоз, тарыхчы талаша алган да жок, жокко чыгара алган да жок.

Бул маалыматты кыргыз эли кантип эстен чыгарып, унутуп калды?

  • Кыргыз унуткан жок. Сыргак Сооронкулов аксакал менден мурун эле санжыра менен бул маалыматты ырастап айткан. Асан Кайбылда уулу аксакал илгери, союз учурунда, санжырачы карыянын оозунан аудио кассетага Чыңгызхан кыргыз экенин айтып бергенин жаздырып алган экен. Бул кассета бүгүн да Тоту эжебиздин (Асан агайдын жубайы) колунда. Маселе кыргыз эли унутканда эмес.

1920 – 1935- жылдары большевиктер санжыра айткандарды камап, сүргүнгө айдап, атып, китептерин өрттөп жатты. 1980-жылга чейин КПСС, КГБ санжыра кыргыз элин бөлүп, ынтымагын ыдыратат, санжыра айткандар – эл душманы – деп аеосуз жазага тартып келди.

2010-жылы Бакиев өткөргөн ынтымак курултайда Аблесов, Карашев ж.б. дунган президентке кошомат кылып, “Кыргыз эл биримдиги” элдик кыймылдын жетекчилерин оң-сол канаттын курултайларын өткөрүп, санжыраларын тактаганы үчүн жоопко тартуу талабын катуу койгонун жалпы эл көрбөдүбү...

2015-жылы КТР дин “Улутман” берүүсүндө Чыңгызхан, Темирлан кыргыз болгонун далилдеп айтканым үчүн алкаш президент “элдин башын айлантпасын, камагыла” деген буйрук берип, УКМК арабызга тыңчы киргизип, 2015-жылдын июнь айынан  2016-жылдын февраль айына чейин телефонду, сөзүмдүн баарын тынбай тыңшап, жашыруун жаздырып олтуруп, мыйзамга каршы эч нерсе таба албай, фальсификация жолу менен Асанов, Кадыровдорго жармаштырып, камап, эки жыл сотту чоюп, төрт жыл шарттуу эркимен ажыратпадыбы.

  • Россия мамлекетинин расмий тарыхында Чыңгызхан доорун “татаро-монгольское иго” деп, Чыңгызхан мыкаачы, кан ичкич деп терс мүнөздөлөт. Бирок, кийинки мезгилде, тарыхчылар чындык андай болгон эмес – деп, эмгектерин жарыялай баштады го...
  • Туура. Америкалык тарыхчы Джек Уезерфорд 30 жыл Чыңгызхан доорун изилдеп, “Чингисхан и рождение современного мира” деген китеп чыгарды (Нью- Йорк, Москва,  2017 г.). Бул китеп 30 өлкөгө 400 миң нуска менен тарады.

Бирок, кыргыз-орус достугуна доо кетпесин – деп, Чыңгызхан кыргыз экенин айткандан коркуп, кыргыз бийлиги өзү муну жашырып, айттырбай келбедиби. Бул жерде чоң саясат турат.

  • Илгери, 13 – 15- кылымдарда жазылган тарых китептериндеги колго тартылган сиз тапкан  сүрөттөрдө Иран, Орто Азия падышалары – баары ак калпак кийгенин көрөбүз. Демек, кыргыз болгону даана, ачык эле көрүнүп турбайбы...
  •  Ошол колго жазылган китептердин сүрөттөрүн эле көрбөй, мазмуну менен  таанышсак – кыргыз жөнүндө далай маанилүү маалымат алат элек. Бирок, ал китептер бир эле даанада жазылган, өтө баалуу, бекем сакталат, эч кимдин колуна берилбейт. Колго тийсе да, перс, араб тилдерин кайсы тарыхчыбыз окуй алат?

Эми сиз айткан сүрөттөргө көңүл буралык. Төртүнчү сүрөттө (87 бет) 1265 ж. 1282 жылга чейин 17 жыл Ирандын Эл ханы Абага хандын такка олтурушу көрсөтүлгөн. Ал атасы Хулагу менен Иранга 1256 жылы келген. Хулагу Чыңгызхандын небереси, кенже уулу Тулуйдун үчүнчү баласы.

Бешинчи сүрөттө (88 бет) Абага хандын небереси Газан хан сый тамак берип жатканы тартылган. Газан  хан – Ирандын жетинчи Эл ханы, 1295 ж. Баштап 1304-жылга чейин бийлик жүргүзгөн.

Алтынчы сүрөттө (89 бет) Газан хан ислам динин кабыл алганы көрсөтүлгөн.

Жетинчи сүрөттө (90 бет) Темирландын небереси, кенже уулу Шахрухтун баласы Улугбек (бакай калпак менен), үч генералы, эки мүнүшкөрү – баары калпакчан.

Улугбек 1409-ж. 1449-жылга чейин 40 жыл бийликте турган.

Сегизинчи сүрөттө (91 бет) Абулхайр хандын такка олтурушу көрсөтүлгөн, 1428-ж. 1468-жылга чейин – 40 жыл такта олтурган.

Ал эми тогузунчу сүрөттө (92 бет) Осмон империяны түптөгөн Осмон газинин инагурациясы тартылган. Оң жагында ишенип таянган үч аскер башчылары ак калпакчан турат.

Тарых илиминен кабары да, даярдыгы да жок ар бир адам ак калпак баш кийимден кыргызды тааныйт. Анткени, ак калпак, кемер кур, чач учтук, томпой-чүкөлөр, комуз – дүйнө жүзүндө кыргызга гана таандык экени талашсыз илимий далилденген чындык.

- СССР доорунда билим алган кыргыз тарыхчылардын баары КПССтин саясатына ылайык келтирилген, бурмаланган, чындыктан алыс, жасалма тарыхты окуп, калыптанган. КПССтин саясатынан башка орус мамлекетинин саясатына  да ылайык, анын кызыкчылыгына жооп берген тарыхты окуган экен. Сиз муну далилдеген  бир топ тарыхый булактарды айтып жүрөсүз. Айрымдарына токтоло кетсеңиз...

  • Үч илимий китептен үзүндүлөрдү келтирейин.  Булгакова И.В. Загадочные цививлизации прошлого. Ростов на Дону, 2012 г. 480 стр. Энциклопедия.

“По поводу того, какая цивилизация является древнейшей на планете, существуют разные мнения. Одно из них отдано в пользу цивилизации шумеров. Она появилась более 6 тысяч лет назад в районе Месопотамии. Эта цивилизация была высокоразвитой, так нужно отметить, что шумеры пользовались троичной системой счета и знали числа Фибоначчи. Именно шумерам принадлежит изобретение клинописного письма. В текстах шумеров содержится информация о происхождении, развитии и строении солнечной системы. Вообще, достижения шумеров настолько потрясают воображение, что объяснить их можно только вмешательством внешних сил.

Шумеры пришли в Месопотамию 6000 лет  назад... Вероятно, страна, откуда пришли шумеры, находилась где-то в горной местности в Азии.

Шумерская цивилизация появилась в Месопотамии как уже вполне сложившаяся культура со своей письменностью. Благодаря шумерам появилось колесо. Шумеры умели производить различные сплавы, в первую очередь бронзу.

Они прекрасно разбирались в медицине, фармакологии, химии, фитотерапии... Возникли космология и космогония, первые астраномы и первые абсерватории. Первые математики тоже появились у шумеров”. – стр. 33 – 34.

Кикешев Н.И. Метаистория. Поиск прародины человечества. Москва. “Ниола-Пресс”. 2010 г. 592 стр.

“Шумерский народ  возник, скорее всего, где-то в киргизской степи, на границе между длинноголовыми девнейшими  индоевропейцами и короткоголовыми туранцами... Спустившись с алтайского склона и берегов реки Иртыш, они обойдя южное побережье Каспийского склона, направились в Вавилонию... Прародина шумеров располагалась в Сибири.” – стр.436;

“Византийский император Юстиниан, опираясь на древнее придание из затерянного сочинения Трога Помпея, утверждал, что клинопись  (сначала идеограммы, потом иероглифы, затемь клинопись) изобретена туранцами еще до прихода в Халдею в более северных районах, где были медведи, волки и хвойные деревья» - стр. 438;

«В  другой версии шумерского мифа о «золотом веке» в Великом Шумере подчеркивается, что все люди там говорили на одном  языке и жили в мире друг с другом. Не было страха и зависти. Ни один человек не соперничал с другим за власть и богатство. Никто не нападал на соседа и не проливал крови» - стр. 435.

Тариел Азертюрк. Генезис тюрка и тюркского языка  (на основе клинописи). Нью-Йорк.  Сиэтл 2017 г. том II.

“1 aRi onalti uku berabэr – 1 улей равен 16 стрелам”, - стр. 768.

“Бир аары он алты окко барабар” шумер чопо жазуусундагы сүйлөмдүн кыргызга тиешеси барбы же жокпу?

Месопотамияда илгери да, бүгүн да калай  табылган жок. Демек ал жерге колону Алтайдан алып турган.

  • Кыргыздын кыпчак элинен чыккан Бейбарс XIII кылымда Египеттин султаны болгон. Чыңгызхан түзгөн империя чыгышта – Вьетнам, Корея, Камбоджа, Кытай, батышта – Дон дарыясы, Кавказ, Иран, Сирияга чейин бийлик жүргүзүп, 25 млн.чарчы километр жерде жашаган элдерди бириктирген. Мунун түпкү себеби эмнеде болгон?
  • Дагы бир китептен үзүндү келтирейин. 1863-ж. Санкт-Петербург шаарында чыккан Россия академиги Григорьев В.В. жазган “О скифском народе саках” деген илимий эмгегинен  (Алматы, 1998 г. «Хант»,  256 стр.).

“...Кочевники физически должны быть крепче и бодрее, чем селяне и горожане, вследствие большего употребления мясной пищи, нельзя не прийти к заключению, что если – как видим это постоянно в истории – кочевые племена являлись покорителями оседлых населений, то причина этому заключалась в их относительном превосходстве над последними, как телесном, так и умственном и нравственном.” – стр. 45.

Отурукташкан элдер эч качан көчмөн элдерди багынта алган эмес – багынтыш үчүн алар менен кошо көчүп жүрүш керек эле!! Бирок, тоо шартында алар көчмөк түгүл, жөн эле жашай алмак эмес.

Ал эми көчмөндөр отурукташкан элдерди багынтып, аларды башкара алган. Адамзаат тарыхы муну такай ырастап келди.

Отурукташкан элдер бири бири менен көп согушкан: байлык үчүн, бийлик үчүн, мансап үчүн же диний араздашканы үчүн.

Дүнүйөгө кызыкпаган, бийликке умтулбаган, отурукташкан турмушту жактырбаган кыргыз эмне максат менен кайсы бир элге кол салмак эле?! Же бир дагы динге каршы чыкпаса?

“Жандуунун баары адамга шерик, чиркейге сен жан  бербейсиң, аны кантип аласың?”- деген дүнүйөтааным менен жашаган кыргыз кулчулукту да жактырбаган. Тоодо көчүп-конуп жашаган кыргыз отурукташкан элдин дүнүйө-мүлкүн тартып алып эмне кылмак эле – “башына урмак беле”- “башка жүк, ашка жүк” кылып?

Темирлан урпактарына насаат калтырган  (жазуу түрүндө). «Темирлан. Жизнь и деяние. Хроника великих завоеваний. Уложение Тимура. Алматы. ИД «Кочевник», 2003 г., 360 стр.

«Я требовал от визиря 4-х необходимых качеств:

  1. благородства мыслей и возвышенность души;
  2. тонкий и проницательный ум;
  3. опыт и привычку жить с солдатами;
  4. терпимость и способность примирить.

Я соблюдал строжайшую справедливость, чтобы избежать злоупотреблений, могущих послужить в ущерб государству» - стр. 22-23;

«Когда государство  становится добычей тирании, насилий и жестокости, тогда долг каждого государя, верного законам правосудия, употребить все усилия для искоренения  этих бичей, вторгаясь в страну... Такая-то любовь к правосудию внушила мне мысль освободить Трансоксанию от грабежей узбеков”. – стр.38;

“Во всех делах, касавшихся народа, правителям было приказано строго держаться в  пределах справедливости. Для уничтожения нищенства я основал приюты, где бедные получали содержание” – стр.42;

“Я повелел собирать нищих во всякой вновь покоренной стране и выдавать им каждодневно порцию пищи; их отмечали особыми знаками, чтобы отнять у них возможность продолжать  нищенствовать” – стр.44.

Джек Уезерфорд. Чингисхан и рождение современного мира. Москва. Азбука-Аттикус. 2017 г. 384 стр.

“Чингисхан создал несколько законов, которые должны были уберечь страну от борьбы за титул хана. Согласно этим постановлениям, хан всегда должен был выбираться курултаем, а любой член его семьи, который претендовал бы на этот титул без выборов, должен был быть казнен”. – стр. 123.

Мындай чечимдерди кыргыз Чынгызхан 800 жыл, кыргыз Темирлан 650 жыл мурун кабыл алган!!! Мындай буйруктар кабыл алынышынын түпкү себеби – кыргыз дүйнөтаанымында жатат: “Бийлик Жаратканда, андан кийин – элде”, “Теңир теңдикти жалгайт”, “Адилет болбой эл жарыбайт. Эл байлыгы – адилет, таянычы – калыстык, келечеги – акыйкат”, “Элине пайдасы жок – тирүүнүн өлүгү” – деген макалдар муну ырастап турат.

Мурад Аджы өзүнүн “Азиатская Европа” – деген китебинде (Москва. Астрель. 2011-ж.) 1106-бетинде “Царская династия тюрков - Кыргызы” деп жазган. Себеби, кыргыздар аруу, намысты өлүмдөн өйдө койгон, жоокер, ыймандуу, көсөм, көрөгөч, олуя сымал, даанышман эл болгон.  Далай  кылым бир нече элдерди  башкарып, падышалык кылган.

Ошол үчүн : Кыргыз эшек минген эмес, курт-кумурска, бака-жылан, атүгүл балык, ыплас чочко жеген эмес. Эч бир шартта баш кийимин алып, төбөсүн эч кимге көрсөткөн эмес, эңкейип, бүгүлүп эч кимге ийилип, кулдук урган эмес.

Көп сүйлөбөй, кыска, нуска сүйлөгөн. Жылаңач денесин эч кимге көрсөткөн эмес.  (Чоң атам 80 жашында ооруп калып, келген доктур өпкөсүн тыңшайм десе, денесин көрсөтпөйм деп болбой койгон).

Кыргыз  асыл тамак  менен гана азыктанган: сары май, каймак, сүт, кымыз, айран, казы, карта, чучук, бозо, курут, май талкан ж.б..

Падышалардын урпактары соодагер болгонду намыс көргөн, бийлегенди да маскаропоз деп жактырбаган.

Кыргызга өлүм жазасын эч ким чыгара алган эмес, жалаң гана  эл андай өкүм чыгарып, эл өзү өкүмүн аткарган (анткени падышалардын тукумуна эч ким кол сала алган эмес).

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости