www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Атажуртчу» депутат Токторбаев Икрамов Тазабекти таза кеп менен коколоп өлтүрүп койо таштады. «Айласыз каман арстанга тиш салат» болуп, алгач Токторбаев экинчи парламенттен бери депутаттык креслону ээлеген,төртүнчү чакырылышта спикер болуп, кийинки чакырылыштарда парламентке өтпөй жаңы өткөн «азуулуу» депутат Адахан Мадумаровго азуусун кайрады. Адахан мырза элге мугалим болуп жатканын баса белгилеп, өзүн-өзү көтөрмөлөгөндү токтотушун талап кылды. Мадумаровко «кой терисин жамынган карышкырсың» -деп атырылды. Албетте спикер Талант Мамытов чоочуп кетип микрофонун өчүрөр менен Токторбаев токтобой жинденип залда ачуу кыйкыра баштады. Спикер - ооз толо айтылат, бирок, спикердин ордундагы адам татыксыз экени белгилүү. Экс-спикер «Маяне» Дастан Жумабеков деле татыксыз эле, ал «Тили сынган» «Сексалю» Тазабек Икрамов менен «Кыргызстан» партиясы аркылуу мурунку парламентке келишип, элди жүдөтүшкөн. Эми да депутат болуп келишти. «Өлгөндүн үстүнө көмгөн» дегенчеликке барбай, күтүүсүз бурулушка үмүт кылсак болмок. Кээде жаның ооруса да шишиген, ириң баскан жериңди кесип ыргытууга туура келет. Дастан Жумабеков менен Тазабек Икрамовго карай башка салыштырууну айтып не? Түшүнүктүү да... Себеби, коомчулук буларга тоюп бүтүштү. Депутаттык кызматты булгашканы, «кошоматка кой союшканы», сабатсыздар, элементардуу шартта көп катачылыктарды кетиришкени элдин эсинен кетпейт. Дал ушулардын айынан «Кыргызстан» партиясынын ээри кыйшык токулуп, Шаршенбек Абдыкеримовдун 7 жылдан берки эмгектери талаага кетип, кадимкидей калк арасында ишенбөөчүлүк, коркунуч жаралганы бышык. Мындай жагдайда чечкиндүү гана кадамдар керек эле. Алдын ала эле партия элге жек көрүнүп шайлоого катыша алган жок. Ансыз да сын пикирлер жетиштүү айтылып келген партия орду түбү менен жок болду.

Азыркы парламентте болсо аңгыча Токторбаевди жоошутам деп  «Сексалю» Тазабек Икрамов жеңин түрүнүп чыкты. Токторбаев менен «Тили сынган» Тазабек Икрамов ортосунда кайым айтышуу болуп кетти. Токторбаев токтоосуз «оозуңду жап» деди эле, Икрамов «эшикке чыгып кет» деди. «Атажуртчулар» Токторбаевди токтоосуз тормуздап отурган жерине жеткирип коюшту.

«Сексалю» депутат Икрамов Тазабек сабатсыздыгынан улам алтынчы парламентти «чимкирик» парламент деген атка алып келген. Сузак району парламенттик шайлоого бир мандаттуу аймактан көп адамдар коюп алдыга суурулуп чыккан.  Жусупжан Жээнбеков төртүнчү чакырылыштагы депутат да койгон. Бул эки эрендин ортосунда депутат талашып кер-мур айтышуулар болгон. Ага эмне себеп болду? Кыргыз элинин маңдайына бүткөн чолпон жылдыздай Жээнбеков Сатыбалды деген бар эле. Акаевдин доорунда ууланып, күтүлбөгөн жерден, а дүйнөгө сапар тарткан. Дал ошол ууланар алдында аны менен кошо «Көтани» менен Бакетаев болгонуна тарых күбө. Арийне, бул ишти Акаевдик бийлик жаап койгон. Анын иниси Жээнбеков Жусупжан Акаевге каршы аттанып Жалал-Абад шаарында элдик губернатор болгон. 2005-жылдары Жалал-Абад менен Таластын губернатору, 2007-жылы СДПК партиясынан парламентке келген. Депутат кезинде Жусупжан Жээнбеков уулунан ажыраган. Бахтияр Жээнбеков Орусиянын Москва шаарында ири ишкерлик менен алектенген. Жээнбеков Бахтияр Жусупжановичтин өлүмүнө күмөн жараткан алтынчы чакырылыштагы ЖКнын депутаты Тазабек Икрамов деген сөз эл арасына тараган. Ал дене тарбия мугалими болуп эки жыл иштегени менен «чимкирик депутаттыгына» таянып, Билим министрлигинен «Эл агартуу отличнигин» же азырынча «Мыкты мугалим» наамына татыган. Бирок анын билим деңгээли «Акела» менен «Аттилланын» айырмасын билбеген нөлөбөй класстын сөлдүрөгөн окуучусу менен барабар. Сабатсыздыгы нөлдү карап турганына карабай «Мыкты мугалим» наамын агай-эжейлерден тартып алган. Бирок сахнага чыгып ыр «чо-озуп» жиберет.  Балким «мыкты артист» деген наам алса жарашмак.

Бахтияр Жээнбековду өлтүргөндөр кармалып оор жазага тартылганы менен «заказчик» кармалбай калган. Ишенимдүү булактарга таянсак, Тазабек Икрамов менен Жээнбековдун ортосундагы кер-мур айтыш бүгүн эле болбосо керек.

Тазабек Икрамов: «Сузактан мен чыгып атсам, сиз кыйналып каласыз го?» - деп атаандашы Жусупжан Жээнбековго бир тийиптир.  Анда Жусупжан Жээнбеков: «Эй, Тазабек, көрөбүз ким кыйналып каларын...» - деген таризде кекенип, каршылык көрсөтүүгө бел байлаптыр. Тазабек Икрамов менен  Жусупжан Жээнбеков кичинекей кыргыз айылдары жайгашкан аймактарда «аласаларын» талашып, «эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт» болуп турушкан. Сузак УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин кичи мекени. Андан тышкары, Сузак районундагы шайлоонун атмосферасына өзбектер эбегейсиз таасир этээрин, алардын добушу чечүүчү ынгай жаратышы мүмкүн эле. Ата-баладай эки саясатчы тирешип, бир-бирин эңип түшүүгө ашыгып калганда, ортосун араң тынчытышып, криминалдык күчтөргө таянган Икрамов жеңип чыккан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

 


 

Последние новости