www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 30-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Төрөбай Зулпукаров экспресс-тест облусттарга кандай критерийлер менен берилгенине, алардын ичинин Ысык-Көл облусуна канча даана бөлүнгөнүнө кызыкты. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов “Азыркы тапта 57 миң даана тест бар, ал эми Ысык- Көл облусунда 2 миң тест жөнөтүлдү",-деди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
“Эл кайрылууда. Жаңы ишкана ачкандарга өндүрүш тармагына салып кошкондорго жардам бергиле”,– деген депутат крисизтен чыгуунун рычагдарын ойлоп табуу керектигин кошумчалап, ушундай учурда коңшу тараптарга, сууну товар катары сатуу керектигин белгилеп өттү.
Ал эми депутат Исках Пирматов коронавирус илдети менен күрөшүүгө алынган кайтарымсыз гранттардардын канча каражат болгонун сурады.
Аткаруу бийлигинин өкүлдөрү гранттар үч багытка жумшаларын айтышты. 1) мамлекеттик казынага көмөк көрсөтүү, 2) коронавируска каршы күрөшүү, 3) экономикалык багытты жумшоо. Учурда Дүйнөлүк банк 21 млн доллар, Ислам өнүктүрүү банкын 15 млн доллар, Азия өнүктүрүү банкы 20 млн доллар берип, жалпы 59 млн доллар топтолгону айтылды.
Маалыматты уккан соң, депутат Исхак Пирматов негизи кирешени мигранттар толуктап келгенин айтып, ал эми аларга көмөк көрсөтүүгө 10 млн сом гана жумшалганын сынга алды. “Орусиядагы мекендештерге ачык түшүндүрүү иштерин жүргүзүп май айында дагы авиатранспорт иштебейт", -деп айткыла деди ал.
Ал эми эл өкүлү Өмүрбек Бакиров тоо-кен тармагына дагы кылдат көңүл буруу керектигин белгилеп: “Себеби, бул багытка тиешелүү айрым токтомдор аткарылбай калууда. Руда, концентраттарды чыгаруу боюнча 77-токтом иштебей жатат. Эмне себептен тоскоолдуктар болуп жатат”, – деди. Премьер - министр маселени өз көзөмөлүнө аларын айтып, тараптар менен бир чечимге алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg