www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстандын Мургаб жана Жерге-Тал райондорунда жашаган этникалык кыргыздар Кыргызстанга келе албай жатышат. Мындай мсаселени Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чынара Урумкалиева көтөрдү.
Анын айтымында, чек аралар жабылгандыктан Тажикстанда жашаган этникалык кыргыздар Кыргыз Республикасындагы туугандарына бара алышпайт.
«Алар ата-энелеринин тажыясына да Кыргызстанга келе алышпайт. Тажикстан аларга жол бербейт. Үчүнчү мамлекет аркылуу Кыргызстанга кирсе болот экен, бирок мындай учурда биздин чек арачылар өткөрбөйт экен. Ушундай кыйынчылыктардан улам алар чек ара ачылгандан кийин толугу менен Кыргызстанга көчүп кетүүгө даярданып жатышат», - деди Чынара Урумкалиева.
Эске салсак, буга чейин Жерге-Тал аймагындагы этникалык кыргыздар паспорттук текшерүүлөр күчөтүлгөнүнө нааразы болгон.
Булак: NazarNews.kg