www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттеги кыйсыпыр…

Ак үйдө да, өкмөттө да, парламентте да бүгүн күбүр-шыбыр кептер ызгып жатат. Баягы кемедеги тополоң сыяктуу парламентте да абал уйгу-туйгу. Негизи жаңы бийлик келгенде баары бир чогултулган шыпырындыдан күлү додо болуп кетээри маалым. Анчалык кадрдык жылыштар болбой жатат дегендер эми кызматтан ыргыгандарды “тосо” албай калганына таң калыша турган болушту. Негизи ар иштин башатын жасоого парламент киришпесе өзгөрүү болбойт. Бекер жерден экинчи орунду камсыз кылып келген фракциянын ичинде кол башындай лидердик алмашуу болгон эместир? Мурдагы эпсиздердин ордуна ийкемдүүлөр жайгашты, демек эми чоң жолтоолук деле жаралбасы белгилүү болуп калды парламентте.

Анткени менен кызматтан кетирилген Болот Сүйүнбаевдин кайрадан ээрге отурушунан кыжаалат болгондор жок эмес. Ошону шылтоолоп кол башындай “толгонуу” кылып жиберчүлөр деле гитарасын күүлөгөн кези. Себеби, ушул орунга келгиси келип жүргөн эргулдар бар экенин билебиз. Эмнеси болсо да “бүкүлү жем” таштоого ниеттенгендердин бүйүрүн кызытууга Бокеңдин кызматка келгени шарт түздү десек куп жарашат.

Арты булганбаган ажонун кареги менен айлангандар болсо кантип жагынуунун амалында жүрүшкөнү деле мыйзам ченемдүү көрүнүш. “Жакшылардын” табияты ошондой. Бийлик бар кезде кошоматтанып оокатын кылышат да, белге тебилсе муштумун түйгөнгө чейин барышат. Айрыкча колунда мандаты бар эргулдар не кыларын билбей коендой элеңдеген мезгили. Ошол үчүн айрым социал демократчы эл өкүлдөрү төрагасы чакырса да моюн толгоп келбей койду. Булар кийин ымдаганга зар болбосо болду. Баары эле учурда өлкө башчынын ишааратын күтүп, ай караган текенин ролунда. Чамасы дагы далай кызматтагылардын “башы” алынат шекилди. Ал үчүн парламент бир кылка тизилиш керектиги айтпаса да түшүнүктүү. Какайып туруп берип ишке жарагыла, алгырлар. Антпесеңер оозуңарды Вашингтонго каратып салат, анда эле кокуйлап каласыңар!

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости