www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Деги бизге ким жагат? Балыктай унчукпаганыбы, же ар качан вулкандай атылып чыгып, пикирин түз айтууга дарамети жеткен депутатпы? Шишке сайып сүйлөгөн, жаза баскандарды каакымдай кылып үйлөгөн, эт эмес же чел эмес болуп жүрбөгөн, аргументтерин боекко сүртүп түрлөгөн оратор эл өкүлдөрүн санай келсең бир, эки деп эле түгөнүп калат. Булардын ким экенин Ташматтын ити Бөрүбасар, Машанын мышыгы пушистый деле билет. Жай турмуштагы журтчулук атаңдын көрү, тимеле чым баскандай басыптыр деп кубанычын жашыра албайт.
Мына ошондой дулдул депутаттардан болгон Рыскелди Момбеков менен Жанар Акаевди көбү жактырганы менен бийликтеги үлкөндөр мурдун чүйрүп турушканы алаканга салгандай көрүнүп турат. Арийне, тиш кагып калган Рыскелди кеткени менен да келгени менен да мамилелеш экендигин айтып калат. Ошентсе да акыркы мезгилде артынан сая түшкөн “из кубарлар” бар экенин, телефонун тыңшагычка байлап койгонун кобурап берди. Антсе да баягыл адатынан жанбай турганын, дале болсо кемчиликтерди чукуй берерин ачыктады. Башкаларга окшоп шопур жалдабаганын, рулду бөтөн адамга бербесин, ашыкча байлыктарын ким тапса белекке берерин шардана кылды. Желди шамал кылгандар тапкан тапалактыкы деген соң аракетиңерди күчөтө бергиле, балким белекти утуп аларсыңар?
Ал эми Жанар Акаев болсо азыр парламенттеги жалгыз эркин депутат. Фракциянын жыйынына барбайт, кол көтөрбөйт, маселеге үн кошпойт, туурасы тынч жүрүүгө чакырылган. Бирок, парламентте каалаган учурда өзүнүн пикирин даңылдатат, радионун кулагын бурап каңылдатат. Анткени менен кайсыл тарапка оогону баары бир байкалып турат. Элдин көзү сокур болуп калган жок да, баарын баамдап турбайбы. Аз-аздан тарапташтарын чогулта баштады. Эки жыл тез эле көздөн кайым болот. Анан чоң саясий күрөш башталат. Келечеги алдыда эмеспи, демек аракет кылуунун мезгили келди. Ток этерин айтканда кийинки шайлоодо башка учурга чак келген партия менен сапарлаш болору айтпаса да түшүнүктүү.
Айрым эл өкүлдөрү артык кылам деп тыртык кылып аларын оозунан чыккан кептери тастыктап койду. Алтынбек Сулаймановдун акимдерге, губернаторлорго карата айтылган сөзү карапайым элге шайкеш келгени менен чиновниктерге балээни жагабы? Эми мунун кандайча аякталарына көп убакыт бар. Махабат Мавлянованын кебин да тескерилентип, ал тургай кетсин дегенге чейин барышканы кызуулук десек болобу? Чамасы ал деле жаман ойдо айткысы келбегенин ортого салып актанып жибербедиби? “Бөктүрмө” мыйзамдын тамгаларын учтаган И. Масалиевдин деле көздөгөнүнө жеткирүүгө бир үй-бүлөнүн балдарындай болгон депутаттар тикесинен тик туруп берери маалым болуп калганын сезүүгө оорчулук жаралбайт. Кырдаалга карап ийкемдүү болгон кишилердин негизи эртеңкиси бүдөмүк. Себеби, андай адатын кийинкилерге да колдонот. Бир сөз менен айтканда ойноок кол сыяктуу болуп каларына шек жаралуусу мүмкүн эмес. Айтор, парламентте ар кандай деңгээлдеги эл өкүлдөрү бар. Бири эптеп күн көрөйүн десе, экинчиси кантип байлыгын сактап калууга, айрымдары ак үйгө кирип, чыгып жүргөнүнө корстон. Таптакыр эле эл тааныбаган депутаттар да бар экендигин кошумчалап койсок апыртма болбостур? Көрсө аксагы да, тескеги да, борпоңу да, чоркогу да, коркогу да, шерлери да бар үчүн парламент кармалып туруптур. Эгерде баары тегиз акылдуу, сындуу, келбеттүү, дымактуу болуп кетсе “кеминизмге” жетип калмакпыз. Ушуга да шүгүр кылып туралы. Башкысы парламентте “бунт” чыкпасын, мезгилинен мурда таркабасын, элибиз сабырдуу болсун. Булар деле бирөөнүн алмончоктой уулдары, кыздары да…
Ж. Улукшер
Булак: "Ачык сөз"