www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Борбор Азия жана анын тышкары аймактардын коопсуздук чөйрөсүндөгү диалогду колдоо” темасындагы парламенттик конференциянын «Жарандардын коопсуз коомду түзүүгө катышуусун бекемдөө» аталышындагы үчүнчү жыйынынын алкагында жарандарды коопсуз коомду түзүү чараларына тартуу маселеси талкууга алынды.

Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөө институтунун директорунун орун басары Алмазбек Мусабеков башка өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстанда дагы өлкөнү өнүктүрүү жаатында жаӊы жолдорду издөөгө өзгөчө көӊүл бурулуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, акыркы жылдарда шайлоо жүрүмүндө, билим берүү тутумунда, мамлекеттик башкаруу жаатында жаӊы технологиялар колдонулууда. «2017-жылдагы президенттик шайлоодо жарандардын биометрикалык маалыматтарын пайдалануу аркылуу жаӊы технологиялар колдонулду. Мындай кадам калктын мамлекетке болгон ишенимин арттырып, жарандардын коопсуз коомдук коомду курууга тартылышына өбөлгө түзөт», - дейт ал.

Ал эми ЕККУнун Өзбекстандагы долбоорлорду координациялоо кеӊснсинин милдетин аткаруучу Ханс-Ульрих Им Өзбекстандагы коомдук-саясий абалга учкай токтолуп, ал өлкөдө да жарандарды коопсуз коомду түзүү чараларына тартууга өзгөчө көӊүл бөлүнүп жатканын айтты. «Белгилей кетчү нерсе, коопсуздук боюнча чечимдердин кабыл алынышына өлкөнүн баардык жарандарды катышууга тийиш. Өзбекстанда да ушундай болуп жатканы кубанычтуу», - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, эл аралык иш-чарага Европа, Азия, Америка континенттериндеги 46 мамлекеттен 150дөн ашуун парламентчи тартылды. ЕККУ ПА парламенттик байланыштар үчүн маанилүү аянтча катары кызмат кылат. Анын алкагында шайлоолорго байкоо салуу менен саясат, коопсуздук, экономика, айлана-чөйрө, адам укугу тармактарындагы милдеттемелердин аткарылышы боюнча эл аралык кызматташтыкты бекемдейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости