www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттик шайлоо качан өтөөрү айтылды

Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамга ылайык, парламенттик шайлоо конституциялык реформа жүргүзүлгөндөн кийин өтөт. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңеш кайрадан парламенттик шайлоону өткөрүү иштерин токтоткон.

Ошондой эле, конституциялык реформа жүргүзүү үчүн Конституциялык кеңеш түзүлгөн. Аталган кеңеш президенттик шайлоо жана референдум учурунда өз ишин убактылуу токтоткон.

Эскерте кетсек, өткөн жылы 4-октябрда парламенттик шайлоо өтүп, бирок 5-6-октябрдагы окуялардан кийин БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. БШК парламенттик шайлоону кайра өткөрүүнү 20-декабрга дайындаган.

Бирок, Жогорку Кеңеш БШКга кайрадан парламенттик шайлоону дайындоого мүмкүнчүлүк берген шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамдагы норманын иштешин токтоткон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости