www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлдабекова Шайлоо кодексине өзгөртүү кийирип, Жогорку Кеңештин алдына келип, тоту куштай кайра-кайра кайталап жатканын унуткандай. Бул Шайлоо кодексинин маңызы парламентке болгон шайлоо босогосун 7 пайыздан 9 пайызга көтөрүү болгон. Шайлдабекова аркылуу бул мыйзамга өзгөртүү кийирүүнү, алты жыл президент болуп, Башмыйзам аркылуу мөөнөтү бүткөн соң отставкага кетип жаткан Алмазбек Атамбаев көздөп жаткан. Эгер парламентке болгон шайлоо босогосу 9 пайызга көтөрүлө турган болсо, башка партиялардын парламентке  өтүшүнө кыйын болуп калмак, ошондуктан, ал кезде Атамбаевдин кол алдында турган СДПК партиясы менен ага “кол бала” партиялар парламентте көпчүлүк орунду алмак да, 2020-жылкы шайлоодон соң Атамбаев өзү каалаган кызматына: Жогорку Кеңештин төрагалыгына же премьер-министрлик кызматын ээлемек. Бул план абдан ойлонулуп түзүлгөн. Ошондуктан, 2016-жылы 16-декабрда болгон Конституцияга өзгөртүүлөр киргизүү боюнча референдумда президенттин полномочиелери кыскартылып, премьер-министрдин канаты жайылган. 2020-жылы күзүндө “чөнтөк парламентти” бийликке алып келген соң урматтуу Атамбаев  Кыргыз мамлекетин биротоло парламенттик мамлекетке айлантмак да, өзү каалагандай калчай бермек. Ушунун негизинде  Шайлдабекова Шайлоо кодексине өзгөртүү кийирүүгө далалат кылып 9 пайыздык босогону кошууга аракет кыла баштайт.

Арийне, президент Жээнбеков Жогорку Кеңеш тарабынан 7 пайыздык босого киргизилсе деле туура болорун айтып өттү. Мындай ишаратты күтүп турушкан парламент депутаттары Шайлоо кодексин кайрадан будамайлай баштайт. Атамбаевдин буюртмасы менен Шайлоо кодексин 9 пайыздык босогого өзгөрткүсү келген Шайлдабекова бүгүн кайра 7 пайыздык босого болсун деп парламентке барабы?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости