www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттик шайлоосунун жыйынтыгы белгилүү болду

"Единая Россия" партиясы Мамлекеттик Думанын шайлоосунда жеңишке жетип, добуштардын 49,82 пайызына ээ болду. Бул маалыматты Россиянын БШКсы протоколдорду 100 пайыз санап, карап чыккандан кийин билдиргенин РИА Новости жазды.

КПРФ — экинчи орунга чыгып, 18,93 пайызды, ал эми ЛДПР үчүнчү орунга чыгып, 7,55 пайызды камсыздаган. Бештикке киргендердин ичинде "Справедливая Россия — За правду" — 7,46 пайызды, "Новые люди" — 5,32 пайызды алган эки бирикме бар. Ошентип Мамдуманын федералдык округуна электораттын беш пайыздык босогосун багындырып, беш партия өткөн.

Мындан сырткары. бир мандаттуу округдар боюнча төмөнкү палатага саясий жети кыймылдын өкүлдөрү жана өзүн-өзү көрсөткөндөр келе жатат.

"Единая Россиянын" талапкерлери Мамдумада 198 бир мандаттуу округдар боюнча биринчиликти сактап калды. КПРФ — тогуз, "Справедливая Россия — За правду" — сегизден орун алды. ЛДПРден экөө болсо, "Родина", "Гражданская платформа", "Партия Роста" — бирден мандатка жетти.

Төмөнкү палатага бир мандаттуу округдар боюнча өзүн-өзү көрсөткөн беш талапкер өттү. Алардын үчөө Москвада ("Лиза Алерт" деп аталган издеп, сактап калуу отрядынын координатору Олег Леонов, теле алып баруучу Анатолий Вассерман, актер Дмитрий Певцов). Бирөө Адыгейден (Владислав Резник), бирөө Крымдан (Леонид Бабашов).

Россияда Мамлекеттик Дума жана жергиликтүү кеңешке шайлоо 17-19-сентябрда өтүп, добуш берүүгө келгендер 51 пайыздан ашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости