www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жергиликтүү бийлик жанар тоонун атылышынан жана анын эритме массасы чоң көлөмдө жылып жатканынан жабыркагандар жок экенин билдирген. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, бирок вулкандан бүркүлүп чыккан эриген массасы жылып ондогон үйдү жарактан чыгарды.

"Бул масса токтоосуз түрдө акырындык менен деңизди көздөй жылып жатат. Жарактан чыккан үйлөрдүн саны 80ден 100гө чейин жетет. Жылган массанын бийиктиги 6 метрди түзөт", - деген жергиликтүү өкмөттүн өкүлү Мариано Эрнандес.

Буга чейин Канар аралдарынын архипелагынын бир бөлүгү болгон Испаниянын Пальма аралында жанар тоо атылганы маалымдалган. Анда 5 миң адам эвакуацияланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости