www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бактыга жараша, бизде күчтүү электорат бар», - деди бүгүн, 21-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине профессор Кубан Мамбеталиев.

«Баары бир сөз эркиндиги мамлекетте калат. Жакында кол коюлган «Так эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзам иштебейт. Кыргызстанда интернетти көзөмөлдөө дээрлик мүмкүн эмес. Фейк маалымат менен күрөшүү эмнени билдирет? Ооба, алар ийгиликке жетпейт, сөз эркиндиги - бул интернетте деле сөз эркиндиги болот!

Эртең алар интернеттен да сонун нерсени ойлоп табышат, баары бир сөз эркиндиги демократиялуу өлкөдө калат.

Мисалы, Кыргызстанда демократия бар, антпесе бизде монархиялык, династиялык башкаруу болмок, туруктуу президенттер болмок. Биз белгилүү инсандардын өтүнүчтөрүн аткармакпыз.

Бул бизде болмок. Бактыга жараша, бизде күчтүү электорат бар. Биз мындан эч жакка кетпейбиз. Муну бүт дүйнө таанып калды», - дейт профессор Кубан Мамбеталиев.

Эске салсак, Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 23-августунда «Такталбаган (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» чуулгандуу мыйзамга кол койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости