www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пермь шаарындагы университетти майданга айландырган студент жөнүндө атасы айтып берди.

Пермь университетинде студенттерди массалык аткан 18 жаштагы Тимур Бекмансуровдун атасы RT телеканалына уулу тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, уулу апасы менен Пермь шаарында турчу, ал өзү Самарада жашайт. Баласы компьютерге гана кызыкчу экен.

"Өзүм дале шок абалындамын, өзүмө келе албай жатам. Эмне кылып салды... Мага биринчи өзүмдүн апам телефон чалды, бардыгын айтып берди. Мен шок болуп калдым, андан кийин мурунку аялыма телефон чалдым. Ал ошол кезде полицияда сурак берип жатыптыр. Ал да шок болуп жүрөт. Амеба сыяктуу тил ооздон калыптыр, бир да суроого оңураак жооп бере албайт", - дейт Тимур Бекмансуровдун атасы.

Ал баласы эмне менен алек болуп жүргөнүн билбей турганын билдирип, "сүйлөшсөм эле компьютерде отурганын айтат. Жок дегенде сыртка чыгып, басып келсең боло дейм. "Эшикке чыккым келген жок, компьютерде отурам, дечү", - деп телеканалга комментарий берди.

Baza Telegram-каналы берген маалыматка ылайык, ок чыгарган студент учурда реанимацияда, ИВЛге кошулган. Ал акырындык менен наркоздон чыга баштады, тегеректе болгондорду угуп, дарыгерлердин сөздөрүнө реакция кылып жатат.

Бекмансуровдун абалы оор, ал буттарына, ичине, төшүнө ок жеген.

Эске салсак, 20-сентярда эртең менен студент Тимур Бекмансуров Пермь мамлекеттик улуттук изилдөө университетин курал жарак колдонуп басып алган. Болжол менен 12-калибрдеги Huglu куралынан 30дан ашык ок чыгарган.

Ок атуунун айынан 6 адам каза болуп, 28и жабыркады, анын ичинен 19уна ок тийген. Камакка алуу учурунда Бекмансуров куралдуу каршылык көрсөтүп, жарадар болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости