www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адистердин айтымына караганда: келе жаткан кыш акыркы 100 жылдан берки эң катаал жана узак жыл болушу мүмкүн. Быйылкы суук бир гана Кыргызстанда эмес, бүткүл жер жүзүндө оор болот. 
Прогнозду алдын-ала билишкен соң, европалыктар кышка даярдана баштады. Бул тууралуу маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыкты. 

Окумуштуулардын айтуусунда, ушул кыш бүткөн соң климаттык шарттардын эсебин кайрадан эсептей баштайт. Суук ноябрда эле түшүп, декабрда абдан күчөп, өтө катуу сууктар башталары күтүлөт. Эч качан кар жаабаган жерлерде да кар жаап, Европа мындай кышты көптөн бери көргөн эмес.

Белгилүү европалык метеоролог Джеймс Мэдден Европанын жашоочулары үчүн жылуу күндөр менен мемиреп жыргалга батууга аз эле калды деп билдирет. Жакында билинбей туруп суук өз кучагына ала баштайт. 
Адистин айтуусунда жылуу кийим-кечелерди камдап жана үйлөрдү жылуулатууну колго ала башташ керек. Биздин синоптиктер европалык кесиптештерин айткандарына толук түрдө кошулат.

Андан тышкары кыш бир гана өтө суук болбостон, узакка созулуп кетиши күтүлөт. Бул Тынч океанда суунун градусу бир градустан ашык жылып кеткенине байланыштуу. Бул өтө олуттуу өзгөрүүлөр эмес дегендерге кеңеш, чындыгында абанын мындай жылып кетүүсү Европанын үстүнө муздак арктикалык аба массасын айдап келиши мүмкүн. 

Демек, кыш ноябрда башталып апрелге чейин созулат. Айдын 25исиндеги аба ырайы өтө сууктун белгиси эместей көрүнөт. Сиз мындай катуу суукка кандай камылга көрүп жатасыз? Кышка өтө аз убакыт калды...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости