www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Эмомали Рахмондун Кыргызстанга дагы кол салам деген ою болсо, эми ал оюнан сөзсүз кайтат», - деди бүгүн, 21-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Турсунбай Бакир уулу.

-Турсунбай агай, неге президенттин ШКУнун саммитинде сүйлөгөн жалындуу сөзүн сындагандар чыга баштады. Анын маселени кабыргасынан койгону башка мамлекеттерге жакпай калдыбы?

- Кыргыз Республикасынын ажосу Садыр Жапаровдун сөзү дайыма тынч, Орусия эмне десе ошого «лаппай!» деп баш ийүү менен өтүп жаткан ШКУ жана ЖККУ саммиттеринде бомба жарылгандай эле болду!

Анткени, Орусия менен макулдашылбаган, андан уруксат алынбаган, ШКУ жана ЖККУ кээ бир мүчөлөрүнө жакпаган сөздөрдү Садыр Жапаров айтып салды. Бирок ал сөздөрдү ушул учурда айтпаса - сөздүн атасы өлмөк!

Байыркы грек философ Сократ «Платон мага дос, бирок чындык мага кымбатыраак!» дегендей эле. Эң негизи, эл күткөн сөздөрдү ажобуз айтты.

Ооба, Орусияга жаккан жок. Анын ММКлары жана интернет-сайттары Садыр Жапаровду жана Кыргызстанды сындап, шыбап эле жатып калышты. Бирок, биз ага колония эмес экенибизди, өзүбүздүн улуттук баалуулуктарыбыз, тышкы саясаттагы принциптерибиз бар экенин көрсөттүк.

Ооба, Тажикстанга жаккан жок. Бирок Эмомали Рахмондун Кыргызстанга дагы кол салам деген ою бар болгон болсо, ал оюнан эми сөзсүз кайтат деген ойдомун.

Эми эки коңшу, ШКУ жана ЖККУ мүчө мамлекеттер бири-бири менен согушса, Орусия мурдагыдай унчукпай карап тура албаганы анык болуп калды. Анткени, Кыргызстан аларды эскертип койду. Бул жагынан Кыргызстандын тили узунураак болуп, ниетин билдирди. Эми андай жаман окуялар кайталанса, Кыргызстан ал уюмдан чыгып кетүүгө да шылтоо болуп калат.

- Андай чоң коңгуроо каккан маселени көтөргөнүнө карбай президентти неге ыгы жок сындагандар көбөйдү?

- Орундуу маселени айтса да сындаган өзүбүздөн толубай-сынчылардын чыгышы - мен үчүн күтүлгөн эле нерсе болчу. Анткени, алар же алардын саясий кожоюндары бийликке келүү үчүн болочок шайлоолордо же төңкөрүштөрдө ошол Орусияга акыркы үмүтү менен байланып калышкан.

Ошолордон «кыргыз болуу үчүн сөзсүз орус болуу абзел!» жана ушул сыяктуу орус бийлигине жага турган кооз, бирок намыссыз сөздөр чыккандар Садыр Жапаровду сындап жата калышты.

Алардын максаты: азыркы ажону болушунча каралоо, саясий реванш алуу жана чет өлкөлүк күчтөрдүн жардамы менен бийликтин чокусуна отуруп алуу!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости